Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Бээжинде беш өзөктүк державанын дипломаттары жолугушуп жатат


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео орун басары Андреа Томпсон менен. 19-июнь, 2018-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео орун басары Андреа Томпсон менен. 19-июнь, 2018-жыл.

Бээжинде өзөктүк өндүрүшү бар беш державанын дипломаттарынын жолугушуусунда АКШ Орусия менен Кытайды өзөктүк программасы боюнча ачык-айкын маалымат берүүгө үндөдү.

30-январда Кытайда башталган эки күндүк конференцияда өзөктүк куралды жайылтпоо маселеси талкууланат. Бээжинге Москванын, Вашингтондун, Лондондун, Париждин дипломаттары барышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү - Британия, Кытай, Франция, Орусия жана Кошмо Штаттар - өзөктүк державалар болуп эсептелет.

1987-жылы Кошмо Штаттар менен Советтер Союзу түзгөн орто аралыкка учуучу өзөктүк куралга тыюу салган келишим туңгуюкка кептелди.

Мамлекеттик катчынын орун басары Андреа Томпсон конференциянын ачылышында “Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө” келишимдин аткарылышында айкындуулук “бирдей эмес” экенине токтолду.

- Буга чейин келишимдин аткарылышы тууралуу отчет берип туруунун форматын макулдашканбыз. Бирок Кошмо Штаттар жана тигил тараптан Орусия менен Кытай берген маалымат бири-биринен кескин айырмаланат, - деди Томпсон.

Былтыр октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп өз өлкөсү 1987-жылы түзүлгөн келишимден чыгарын айткан. СССР менен АКШнын ортосунда кол коюлган документ орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга, колдонууга жана жайгаштырууга тыюу салат. Ал аралык 500-550 чакырым деп белгиленген.

XS
SM
MD
LG