Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Америка Кошмо Штаттарынын өзөктүк баяндамасы сынга кабылды


АКШнын континенттер аралык Minuteman III баллистикалык ракетасын сыноо учуру. 02.8.2017.
АКШнын континенттер аралык Minuteman III баллистикалык ракетасын сыноо учуру. 02.8.2017.

АКШ өзөктүк арсеналын кеңейтиши ыктымалдыгын билдирди. Муну жапырт кыргын салуучу куралы бар башка өлкөлөрдүн дымагын басып, алар жаратчу коркунучтардын алдын алуу аргасы деп түшүндүрүүдө. Бул чечимди Вашингтондун негизги атаандаштары катуу сын менен кабылдашты.

“Өзөктүк жагдайга сереп” аттуу баяндамасын Америка Кошмо Штаттары 2-февралда жарыялады. Анда алдыдагы он жылдыктагы өзөктүк согуш коркунучу тууралуу баа берилген. Ошондой эле бул жааттагы өлкө стратегиясы чагылдырылган.

Ага ылайык, Кошмо Штаттар өзөктүк арсеналын суу алдындагы кемеге орнотулчу, кубаты азыраак өзөктүк ракеталар менен толукташы ыктымал. Алыскы келечекте өзөктүк дүрмөтү бар канаттуу ракеталарды да чыгарышы ажеп эместиги баяндамада белгиленген.

Мындай доктрина буга чейин Обаманын тушунда, 2010-жылы чыккан. Өлкөнү Доналд Трамп башкара баштагандан жыл айланбай жаңысын жарыялоонун зарылдыгын Коргоо министринин орун басары Патрик Шанахан мындай чечмеледи:

- “Кансыз согуш” аяктагандан бери Америка Кошмо Штаттары өзөктүк куралынын санын жана ролун азайтуунун үстүндө иштеп келди. Бирок өзөктүк абалга сереп салган акыркы, 2010-жылдагы баяндамадан берки убактагы дүйнөнүн турпаты азыр башка. Татаал жана динамикалуу коопсуздук чөйрөсү дайыма тизгинди бекем кармап турууну талап кылууда.

Тизгинди бекем кармоо дегенде өзөктүк (ядролук) куралы бар башка мамлекеттердин арсеналын күчтөндүрүп, аны менен башкаларды опузалоосуна жол бербөө дегенди туюнтууда.

Муну менен Кошмо Штаттар - Кытай, Иран, Түндүк Корея жана өзгөчө Орусияны эске алат.

Орусиянын "Екатеринбург" аттуу суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси
Орусиянын "Екатеринбург" аттуу суу алдында жүрүүчү атомдук кемеси

Баяндамада эгерде расмий Москва Европага куралдуу коркунуч жаратчу болсо, анда анын кесепети ага оор болоору эскертилет.

Анткени мына ушундай эле доктринаны Орусия акыркы ирет 2014-жылы жарыялаган. Анда өзүнө, же өнөктөштөрүнө өзөктүк курал колдонулса, анда Орусия да ошондой эле жооп берери жазылган.

АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис ошол орусиялык документти, Москванын Украинадагы, Чыгыш Европадагы аракеттерин эске алып «бул - орусиялык баскынчылыкка (экспансияга), алардын доктрина жана стратегиясынын мүнөз-мүмкүнчүлүктөрүнө кайтарылган жооп», - деп белгиледи.

Ошол эле маалда Пентагон өзүнүн жаңы доктринасын массалык кыргын салуучу куралдан арылууга умтулган дүйнөлүк саясатка каршы келбейт деп ишендирүүдө.

- Бул баяндама - Кошмо Штаттардын «кансыз согуш» аяктагандан берки өзөктүк курал саясатына шайкеш. Ал АКШнын өзөктүк саясаттагы эң негизги ролу - тизгиндеп туруу экенин бышыктайт. Анан да биздин өзөктүк куралды жайылтпоо жана куралданууну көзөмөлдөө милдеттерибизди улантат, – деди Патрик Шанахан.

Ирандын "Хорамшахр" ракетасын сыноо учурун жергиликтүү телеканал көрсөтүүдө. 23-сентябрь, 2017-жыл
Ирандын "Хорамшахр" ракетасын сыноо учурун жергиликтүү телеканал көрсөтүүдө. 23-сентябрь, 2017-жыл

Баяндамага алгачкылардан болуп Орусия сын пикирин айтты. 3-январда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Трамптын администрациясынын кадамын "тирешүүгө жетелей турган" («конфронтациялык») жана «антиорусиялык» деп мүнөздөдү.

Москва бул чечим мындай куралды колдонууга бөгөт болуп турган чекти ылдыйлатып, «төмөнкү ургаалдагы чатакты деле өзөктүк-ракеталык согушка жеткириши» ыктымал деп эсептээрин билдирди.

Ирандын президенти Хасан Роухани да Москвага болушуп, Вашингтонду күнөөлөдү.

Жергиликтүү сыналгы каналда сүйлөп жатып: “Ошол эле адамдар жапырт кыра турган куралды колдонуу адамзатка каршы кылмыш деп жаткансыган... Каршылашын коркутуу же аларга каршы колдонуу үчүн эми жаңы курал тууралуу кеп кыла башташты”, - деди Роухани.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф андан катуураак кетип, АКШнын баяндамасы «адамзаттын жок болуусун жакындатат» деп “Твиттерге” жазды.

Кытай болсо өзүнүн потенциалдуу атомдук атаандаш аталганына терикти. Бул өлкөнүн коргоо министрлиги өзөктүк арсеналы өз коопсуздугу үчүн зарыл болгон “минималдуу деңгээлде” экенин билдирди.

«Кошмо Штаттар «кансыз согуш» менталитетинен баш тартып, өзүнүн өзөктүк куралдарын кыскартуудагы өзгөчө жана башкы жоопкерчилигин аркалайт деп ишенебиз», - деп коргоо министрлигинин өкүлү Жэн Гоцян билдирди.

XS
SM
MD
LG