Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Иран баллистикалык ракетаны дагы сынады


Баллистикалык ракета сыналган учур. 9-март, 2016-жыл.
Баллистикалык ракета сыналган учур. 9-март, 2016-жыл.

Иран ракеталарын соңку эки күн удаасы менен сынады. Тегерандагы аскерий жетекчилер сыноону кандай коркунуч болбосун Ирандын ага каршы туруу кубатын көргөзүү деп сыпаттоодо. АКШ ракеталык сыноо менен Тегеран Улуттар уюмунун резолюциясын бузушу мүмкүндүгүн эскертти.

Иран 9-мартта баллистикалык ракеталардын кеминде экини сынады.

Мамлекеттик телеканал көргөзгөндөй, Qadr H үлгүсүндөгү ракеталар өлкөнүн түштүк-чыгышында тоо арасында атылды жана аскерий жетекчилердин ырастоосунда 1400 чакырым алыстыктагы буталарга таамай тийди.

Жарым расмий “Фарси” агенттиги кабарлагандай, ал ракеталарда “Израил жок кылынышы керек” деген сөздөр дагы жазылган.

Иран баллистикалык ракетаны дагы сынады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:38 0:00

Ирандын эң элитикалык жана Улук лидери аятолла Али Хаменеиге түз баш ийген аскерий бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусунун маалыматына караганда, сыналган ракеталар “Израилге чейин жете алат”.

Бул өлкөнүн Тель-Авив жана Иерусалим шаарлары Ирандан 1000 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Израил бийликтери Тегерандын ракеталык сыноосуна азырынча кандайдыр бир реакция билдире элек.

Ракета жер алдындагы бункерден учурулган кез. 8-март, 2016-жыл.
Ракета жер алдындагы бункерден учурулган кез. 8-март, 2016-жыл.

Иран так башкарылуучу ракеталардын бир нечесин 8-март күнү да сынап, алар ар кайсы жерден, анын ичинде жер алдындагы бункерден да 300дөн 2000 чакырымга чейинки аралыкка учурулду деп кабарланган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусундагы генералдардын бири Амир Али Хажизаде шаршемби күнкү сыноодон кийин кабарчылар менен маегинде белгилегендей, санкциялар Иранды баллистикалык ракеталарды өнүктүрүүдөн токтото албайт.

- Душмандар бизге канчалык басым жасап, санкцияларды колдонбосун биз коркунучка каршы туруу үчүн табигый түрдө өз күчүбүзгө көбүрөөк таянабыз. Азыркы сыноо - Ислам революциясынын сакчылар корпусу, башка колдоочу бөлүктөрдүн санкцияларга берген жообунун бири. Биз кубатыбызды күн өткөн сайын күчөтө беребиз.

БУУ резолюциясын бузуу

Баллистикалык ракеталарды сыноо Ирандын Батыш мамлекеттери менен мамилеси үчүн өтө сезимтал, эл аралык санкциялардын көбү жоюлуп, өлкө глобалдык экономикага кайра интеграциялана баштаган учурга туш келүүдө.

Мындан улам Иран баллистикалык ракеталарын сыноо аркылуу өзөктүк программа боюнча дүйнөнүн алты ири державасы менен келишимин бузган жокпу деген суроолор да жаралууда.

АКШ азырынча Иран Улуттар уюмунун резолюцияларынын бирин бузушу мүмкүндүгүн айтып жатат.

- Бул өзөктүк келишимди бузгандык эмес. Бул жерде БУУнун Коопсуздук кеңешинин кеминде бир конкреттүү резолюциясы колдонулушу мүмкүн. Биз азыр маселени Коопсуздук кеңешинде көтөрүүнүн зарылдыгы бар-жогун караштырып жатабыз. Ирандын баллистикалык ракета программасы боюнча биздин узактан берки тынчсыздануубуздун хроникасы жакшы белгилүү. Кошмо Штаттар мындан улам жыл башында эле Иранга каршы санкцияларды киргизген болчу. Талаптагыдай жоопту аныктоо үчүн биз азыркы конкреттүү учурду да иликтеп, карап көрөбүз, - деди Вашингтондон Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест Ирандын 8-марттагы сыноосунан кийин.

Кошмо Штаттар былтыр октябрдагы сыноого жооп кылып, баллистикалык ракета программасына тиешеси бар ирандык 11 компанияга жана жеке адамга каршы санкцияларды быйыл январда киргизген.

Революциянын сакчылар корпусунун мүчөсү бункердеги ракета менен. 8-март, 2016-жыл.
Революциянын сакчылар корпусунун мүчөсү бункердеги ракета менен. 8-март, 2016-жыл.

Буга чейин Ирандын былтыр октябрда баллистикалык ракеталарды сыноосу БУУнун резолюциясын бузгандык катары бааланган эле.

Коопсуздук кеңешинин 2231-резолюциясы ислам республикасын өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү ракеталарды жасабоого милдеттендирет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG