Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

АКШ соту Нурмагомедовго 500 миң доллар айыппул салды


Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор. 20-сентябрь, 2018-жыл.
Хабиб Нурмагомедов жана Конор Макгрегор. 20-сентябрь, 2018-жыл.

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 500 миң доллар айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Невада штатынын атлетикалык комиссиясы ошондой эле аны тогуз айга таймаштардан четтетти. Анын атаандашы, ирландиялык Конор Макгрегор болсо таймаштарга алты айга чейин катыштырылбайт.

Былтыр 6-октябрда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча беттешүү аяктаары менен Хабиб рингдин тосмосунан ашып өтүп, Макгрегордун күйөрмандары менен мушташа баштаган. Спортчу расмий жыйынтык жарыялана электе рингден кетип калып, эрежелерди бузган деп айыпталууда. Хабиб кийин кечирим сурап, Макгрегор утулуп калгандан кийин мусулмандарды жаман сөздөр менен тилдегенин айткан.

"Макгрегордон айырмаланып өзүмдү татыктуу алып жүрдүм. Ал менин, өлкөмдүн, ата-энемдин намысына тийген. Чагымын таймаш учурунда да уланткандыктан, бир маалда чыдабай, кармана албай калдым", - деди мушкер.

Бирок ирландиялык спортчу атаандашынын дарегине жаман сөз айтканын танган.

Дагестандык мушкердин менежери анын атаандашына болгону 50 миң доллар айыппул салынып, мелдештен алты айга гана четтетилгенин адилетсиз деп эсептейт.

Хабибдин дисквалификация мөөнөтү 6-октябрдан баштап саналат. Эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык уюм мушкер социалдык роликке тартылса чектөө үч айга кыскартылышы мүмкүн деп эскертти.

Былтыркы мушташка катышкан дагы бир нече кишиге айыппул салынды.

Сөз болгон беттеш Хабибдин 27-жеңиши болгон. Жаңжалдуу таймаш анын "Инстаграммадагы" популярдуулугун ого бетер арттырды. Бир күндө эле ага катталгандардын саны үч миллиондон ашкан.

XS
SM
MD
LG