Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск уюмдун Брекзит боюнча позициясы өзгөрүүсүз калганын билдирди. Анын айтымында, Лондондун эмнени каалап жатканы Брюсселге эмгиче түшүнүксүз.
Ал эми Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер Европарламенттин Брюсселдеги сессиясында Британиянын уюмдан келишимсиз эле чыгып кетиши боюнча даярдык күчөтүлө турганын айтты. Юнкердин айтымында, британ парламентинин 29-январдагы добуш берүүсүнөн кийин Брекзитти макулдашуусуз эле ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жогорулады.
Британ депутаттары кабыл алган өзгөртүүлөргө ылайык, Евробиримдикке кирген Ирландия менен Британияга караган Түндүк Ирландиянын ортосунда чек ара жана бажы алакасына жол берилбейт. Евробиримдик буга каршы.
Британ элинин 52 пайызы өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышын 2016-жылдын июнь айындагы референдумда колдогон.