Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Лондон Брекзит келишимин өзгөрткүсү келет


Брекзитти колдогон жана ага каршы болгон эки жаран парламент алдында бири-бирине өз жүйөлөрүн түшүндүрүп жатышат. Лондон, 29-январь, 2019-жыл.
Брекзитти колдогон жана ага каршы болгон эки жаран парламент алдында бири-бирине өз жүйөлөрүн түшүндүрүп жатышат. Лондон, 29-январь, 2019-жыл.

Британ парламенти Брекзит келишимин өзгөртүш керек деген бүтүмгө келди. Бирок расмий Брюссел келишим кайра каралбай турганын кайталады. Британиянын уюмдан чыгарына эки айдан аз убакыт калса да коомчулукта Брекзит боюнча дагы эле кайчы пикирлер бар.

Шейшемби күнү кечинде британ депутаттары Брекзит маселеси боюнча добуш берип жатканда парламенттин алдына карама-каршы көз караштагы эки топ чогулду. Бири өз өлкөсүнүн Евробиримдиктен толугу менен чыгып кетишин жактап, экинчиси Британиянын уюмга мүчө бойдон калышын колдоп ураан чакырып турду.

- Биз Брекзиттин кечеңдешин каалабайбыз. Биз добуш бергенбиз жана 29-мартта уюмдан чыгышыбыз керек. Бирдиктүү рынокто кала берүүгө эч бир негиз жок, - деди Брекзитти жактаган Стив.

- Бул чечим эмес, себеби парламент кандай десе да, ага Евробиримдиктин макулдугу керек. Парламенттеги добуш берүү кандай болсо да ал маселени чечпейт. Жомок улана берет, - деген оюн айтты экинчи топтун өкүлү.

Мындай эки ача пикир британ коомунда 2016-жылдын июнь айындагы референдумдан бери токтобой келатат. Жалпы элдик добуш берүүдө британ шайлоочуларынын 52 пайызга жакыны Брекзитти колдогон.

Британ парламентинде шейшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланаар алдында. Лондон, 29-январь, 2019-жыл.
Британ парламентинде шейшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланаар алдында. Лондон, 29-январь, 2019-жыл.

29-январдын кечинде британ парламенти өлкөнүн уюмдан кандай шартта чыгарын аныктаган Брекзит келишиминин айрым жоболору боюнча Евробиримдик менен кайрадан сүйлөшүү керек деген бүтүмгө келди.

Эл өкүлдөрү өзгөчө бул келишимдеги Британиянын курамындагы Түндүк Ирландия менен Евробиримдикке кирген Ирландиянын чек арасы ачык бойдон калышына мүмкүнчүлүк берген жобону алмаштырууну өкмөткө тапшырышты. Ошол эле учурда добуш берген депутаттардын арасында "Британия Евробиримдиктен сөзсүз кандайдыр бир келишим менен чыгышы керек" дегендери басымдуулук кылды.

Премьер-министр Тереза Мэй парламенттин талабын расмий Брюсселге жеткире турганын айтты:

- Эми парламентте Евробиримдиктен келишим менен чыгууну жактагандар басымдуулук кылары анык болду. Биз бул добуш берүүнүн жыйынтыгын алга сүрөп, Брекзит келишимине өзгөртүүлөр киргизилишин көздөйбүз.

Бирок Евробиримдик британ парламентинин чечимине жооп кылып, Брекзит келишими британ өкмөтү менен эбак эле макулдашылганын эске салды. Европа кеңешинин президенти Дональд Тусктун басма сөз катчысы расмий Лондон менен бир жарым жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдашылган бул келишим кайра каралбай турганын маалымдады.

Мындай оюн Евробиримдиктин Брекзит боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн өкүлү Ги Верхофстадт да шаршемби күнү журналисттерге айтты:

- Андай сүйлөшүүгө шарт бар деп ойлобойм. Себеби келишимде сөз болуп жаткан жоболор калышы керек. Бирок келечектеги карым-катышты талкуулоого мүмкүнчүлүк бар.

Брекзитке каршы чыккандардын демонстрациясы. Лондон, 12-январь, 2018-жыл.
Брекзитке каршы чыккандардын демонстрациясы. Лондон, 12-январь, 2018-жыл.

Евробиримдик ноябрь айынын соңунда Британиянын уюмдан кандай шартта чыгарын көрсөткөн эки негизги документти жактырган. Алардын бири эки тараптын келечектеги соода-экономикалык алакасын, миграция жана чек ара маселелерин аныктаган Брекзит келишими, экинчиси Лондон менен Брюсселдин мындан аркы кызматташтыгы тууралуу саясий декларация эле.

Бул эки документти Тереза Мэйдин өкмөтү колдогону менен январь айынын башында британ парламенти чечкиндүү түрдө четке каккан. Аны улай оппозициялык депутаттар премьер-министрге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүшүп, Мэй аз айырма менен гана кызматын сактап калган.

Жол картасына ылайык, Британия быйыл 29-мартта уюмдан чыгып кетиши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG