Москвадагы "Левада-борборунун" соңку сурамжылоосу 2006-жылдан бери биринчи жолу орусиялыктардын арасында өлкөнүн багытын туура эмес деп эсептегендердин саны өскөнүн көрсөттү.
Сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы Орусия "туура
эмес багытта баратат" дешсе, 42 пайызы учурдагы курсту жакташкан.
Жыйынтыгы 31-январда жарыяланган бул сурамжылоого ылайык, Орусиянын багытын жактырбагандардын саны бир жыл мурда эле 17 пайызга азыраак болчу. Былтыр орусиялыктардын 55 пайыздан көбү өлкөнүн өнүгүү курсун оң баалашкан.
2006-жылы да орусиялыктардын 48 пайызы өлкөнүн багытына терс баа беришкен эле.
"Левада-борбордун" ноябрь айындагы сурамжылоосу да Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтинги акыркы беш жылда биринчи жолу 60 пайыздан ылдый түшкөнүн көргөзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы гана 2024-жылы боло турган шайлоодо Путинге добуш бере турганын айтышкан. Бул бир жыл мурда суралгандардан 10 пайызга аз.