Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Тажикстан: туулган күн өткөргөн ырчы айыпка жыгылды


Тажикстандык белгилүү ырчы Фируза Хафизова.

Дүйшөмбүнүн соту тажикстандык белгилүү ырчы Фируза Хафизованы шаан-шөкөт менен коштолгон туулган күн кечесин уюштурганы үчүн беш миң сомони айыппулга жыкты. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдан кабарланды. Ырчынын кечесинде тартылган видео алгач Интернетте таркап, андан кийин телеканалдардан көрсөтүлдү.

Тажикстандын "Салттарды жана майрамдарды иреттештирүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандар туулган күнүн досторун, ырчы-чоорчуларды чакырбастан, үй-бүлө мүчөлөрү менен гана белгилеши керек. Ошондой эле туулган күнгө мал союуга тыюу салынган. Тиешелүү мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Анда туулган күндөрдү, корпоративдик кечелерди, мектептердеги майрамдарды, үйлөнүү тойлорун, маркумдун зыйнатын шаан-шөкөт менен өткөрүүгө чектөө киргизилген. Маселен, үйлөнүү тоюна 150дөн ашык киши чакырылбайт жана жана кечки алтыга чейин аякташы зарыл.

Коңшу өлкөдө мыйзамга баш ийбегендерге үч миң доллар айыппул каралган.

XS
SM
MD
LG