Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Тажикстан: молдонун тойдогу ордун ырчы басат


Тажикстандагы той
Тажикстандагы той

Тажикстанда эли өтө динчил саналган Чорку аймагында эми үлпөттөрдө жана тойлордо кызмат кыла турган музыкалык топ түзүлдү. Кыштактын өзүндө артисттер жок болгондуктан башка райондун өнөр өкүлдөрү ишке тартылган.

Бийликтер бул аракет айылдагы диниятчылардын таасирин азайтат деп үмүт артышууда. Чорку Кыргызстандын Баткен району менен чектешкен аймак.

Чорку айылдык аймагынын жетекчи орун басары Исомиддин Холиковдун айтуусунда, аталган жамааттын шаан-шөкөт, салтанаттарын тейлөө үчүн жаңы түзүлгөн ансамбль айылдын атынан «Чорку» деп аталды:

- Биз атайын ушул топ үчүн деп 2,5 миң долларга музыкалык аспаптарды сатып алдык. “Чорку” ансамбли азыр алгач үч кишиден түзүлдү. Кийинчерээк мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карап, дагы кеңейтели деген оюбуз бар. Жашоочулар өздөрүнүн тойлорун бир ай мурда айтып, буйрутма берип коюшат. Ансамбль ошого карап пландап үлпөттөрдү жана башка тойлорду шаңга бөлөп келишет.

Согди облусунун башка кыштактарына салыштырмалуу Чорку айыл округунун калкы динге катуу берилген деп саналгандыктан бийликтер атайын ушундай чыгармачыл топ түзгөн. Үйлөнүп аткан жигит менен колуктунун заманбап той өткөрүү каалоосуна карабай, бул аймакта тойлор жалаң диний жөрөлгөлөр менен гана белгиленчү.

Адатта чоркулуктар тойлорду үйүнүн короосунда гана белгилешет. Үйлөнүү тойдо артист менен тамаданын ролун баштан-аяк имамдар аткарып, коноктор ыр-бийдин ордуна эртеден кечке молдолордун исламий үгүт-насаатын угуп отурушчу экен.

Эми болсо Чоркуда ар бир тойду сөзсүз түрдө музыкалык ансамблдин коштоосунда өткөрүү милдет катары киргизилди. Музыка жок болсо, тойго уруксат берилбейт. Башкача айтканда, бул ансамбль үлпөткө катышпаса нике каттоочу орган жаш үй-бүлөгө күбөлүк бербейт.

Бийлик өкүлү Исомиддин Холиков кайрадан кепке кошулду:

- Бир кезде той башталгандан бүткөнгө чейин трибунада молдо отурчу. Ал да билимдүү болсо кантейин, жарым-жартылай окуган нерселерин эптеп айтып, насаат кылып, салтанатты бүтүрчү. Коом аз жерден талкаланып кала жаздаган. Азыр эми биз тойдун алып баруучусун жок дегенде дарыгерлерден, мугалимдерден, өзгөчө адабиятчы мугалимдерден тандоого кеңеш берип атабыз. Эми мурдагыдан айырмаланып, биздин жамааттагы тойлор ырчылардын коштоосунда, шаан-шөкөт, ыр-бий, жаркын жана шаңдуу маанайда өтүүдө.

Холиков белгилегендей, ансамблдин бир тойго чыгуу кызматы анча деле кымбат эмес, болгону - 200 сомони (2 миң сом). Эгер тойдун ээси жардамга муктаж үй-бүлө болсо, же үйлөнүп жаткан бала аскерде кызмат кылган болсо, артисттер тойдо бекер ырдап беришет.

Бийликтердин бул аракеттерин аймактагы интеллигенция өкүлдөрү жапырт колдоого алышууда. Тажик иликтөөчүсү Олимбой Сахибов мындай дейт:

- Бир жыл мурда Чоркудагы той тажиядан айырмасы жок болуп калган. Үлпөт болуп аткан үйлөр сыртынан кыз берип, уул үйлөбөй эле, сөөк коюп аткандай көрүнчү. Жигит менен кызды эки бөлмөгө камап алып, молдолор кечке куран окучу. Эми бул музыкалык ансамбль тойлорду эле эмес, калктын аң сезимин өзгөртүүгө да салым кошушу керек. Бул аракет элди караңгылыктан сууруп, жүрүм-турумуна аз болсо да светтик адаттарды калыптандырат.

Согди облусуна караштуу Исфара районунун Чорку айыл округу Тажикстандагы динге өтө берилген аймактардын бири. Совет мезгилинен бери эле дин терең сиңген чоркулуктар азыр да дээрлик ислам шариятын бекем кармашат.

Эски салт жана диний көз караштардан чыга албаган айрым чоркулуктар бийликтердин соңку аракеттеринен да жол табууга аракет кылып жатышкандай. Атын атагысы келбеген жамааттын тургуну «Азаттыктын» тажик кызматына буларды айтып берген:

- Ырчы-чоорчу менен заманбап той өткөргүсү келбегендер, музыкалык топко барып акчасын төлөп, квитанциясын алышат. Анан ал квитанцияны никени каттоочу мекемеге алып барып көргөзөт да, күбөлүк алып алышат. А берки ансамблге болсо «силер тойго келбей койсоңор деле боло берет» деп, кайра эле каалагандарын кылып атышат.

2000-жылдардын башынан бери Чорку аймагынан ондогон адам экстремисттик Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп кармалган. Дагы бир канча айыл тургуну террорчулукка шектелип, соттолгон. Аз күн мурдараак өлкөдө ишмердүүлүгү тыюу салынган Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын миңдеген мүчөлөрү да ушул айылда турат.

Кыргызстан менен чек аралаш тилкедеги Чорку аймагында бир нече айыл болсо, анда жалпысы 40 миңдей адам жашайт.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө ислам жамааттардын таасири күчөп баратканына кабатырлануусун билдирип, мунун арты экстремизмге жол ачып жатканын эскерткен. Ушундан тарта региондорго диниятчылардын ролун азайтуу аракеттери көрүлүп жатканын тажик эксперттери белгилешүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG