Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Венгрия Беларуска киргизилген курал эмбаргосун колдобой коюшу мүмкүн


Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Венгрия Европа Биримдигинин Беларуска курал-жарак киргизбөө тууралуу узактан берки чектөөсүн бузарын кайрадан билдирди. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна аты-жөнүн айткысы келбеген булак билдирди.

2011-жылдан бери жыл сайын узартылып келаткан эмбаргону кайрадан узартыш үчүн шаркеттин курамындагы 28 мамлекеттин макулдугу зарыл. 28-февралга чейин Венгрия өз жообун бериши керек.

Венгрия соңку эки жылда биатлондун мылтыктарын жана башка спорттун атайын түрлөрүнө колдонулган куралды “кара тизмеден” чыгарууга жетишкен.

Будапешт Брюссел Венгриянын эмбаргону колдоосун алгысы келсе, анда Минск менен шаркеттин келечектеги алакасын көрсөткөн документти тезинен кабыл алышы керек деген көз карашта.

Брюссел менен Минсктин ортосундагы кызматташтыктын багыттарын аныктаган «Беларус менен өнөктөштүктүн артыкчылыктары» деген документ эки жылдан бери талкууда жүрөт.

Евробиримдик 2010-жылы Беларустагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык демонстрацияларын аёосуз басканы үчүн президент Александр Лукашенко баштаган 174 жаранды жана төрт компанияны “кара тизмеге” киргизип, виза бербей, активдерин камакка алган.

XS
SM
MD
LG