Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Ташкент менен Брюссел кызматташтыкты кеңейтүүнү сүйлөшүп жатат


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов. 17-март, 2018-жыл.
March 17, 2014
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов. 17-март, 2018-жыл. March 17, 2014

4-февралда Ташкентте Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы башталды. Документ соода-сатыкка, инвестицияга жана аймактык коопсуздукка артыкчылык берет.

Документке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл Брюсселде өткөнү жаткан сапарында кол коюлат деп күтүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы билдирди.

Былтыр 23-ноябрда Ташкент менен Брюссел келишимди сүйлөшө баштаганы маалым болгон.

Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосундагы азыркы иштеп жаткан макулдашуу 1999-жылдын 1-июлунан тартып иштей баштаган.

Ушул тапта Евробиримдик Өзбекстанда жалпысынан 103 миллион евролук 25 долбоорду ишке ашырып жатат. Алар - экономика жана социалдык өнүгүү багытындагы долбоорлор. Жалпы суммасы 33,5 миллион евролук 10 аймактык долбоор да иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG