Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Мирзиёевдин Германиядагы сапары


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен немис канцлери Ангела Меркел.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен немис канцлери Ангела Меркел.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Берлинде туруп айтканына караганда, бул өзбек президентинин Германияга 18 жылдан бери биринчи барышы.

Анын сапарын утурлай укук коргоо уюмдары Германиянын бийлигин Шавкат Мирзиёев менен жолукканда Өзбекстандагы маалымат каражаттарынын эркиндигин кеңейтүү маселесин козгоого үндөшкөн. Мирзиёев өзүн реформатор катары көрсөтүп жатканы менен укук коргоочулар өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында абал оңоло элек экенин белгилешет.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-январда Берлинде немис канцлери Ангела Меркел, өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Германиянын канцлери Ангела Меркел өзбек президентин анын өлкөсүндө жасалып жаткан реформаларды улантууга чакырды:

Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

- Урматтуу президент! Сиздин өлкөдө чоң саясий реформалар жүрүп жатат, адам укуктары жаатында жетишкендиктер болду. Кошуна мамлекеттер менен алака-катышта жылыш болду. Биз сизди ушул жолду, өзгөчө жарандык укуктар багытында прогрессти улантууга чакырабыз. Германия сизге ишенимдүү өнөктөш болгусу келет. Мисалы, сиз реформаларды баштагандан кийин биз өнүгүү максатында кызматташтыкты кеңейттик жана биз эки тараптуу соода жүгүртүүдө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрүп жатабыз.

Соода жүгүртүү демекчи, Шавкат Мирзиёевдин Ангела Меркел менен жолугушууда айтканына караганда, былтыр эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 700 миллион еврону, ал эми немис компанияларынын инвестициясынын суммасы 1 миллиард еврону түзгөн. Өзбек президенти анын сапарын утурлай уюштурулган бизнес-форумда 8 миллиард евродон ашык долбоорлор боюнча келишимге кол коюу тууралуу сүйлөшүүлөр болгонун да белгиледи. Бул – Берлинге өзбек президентинин 18 жылдан берки биринчи сапары.

Шавкат Мирзиёев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен.
Шавкат Мирзиёев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен.

- Германия - Өзбекстандын көптөн берки ишенимдүү өнөктөшү. Биз эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана ага чыныгы өнөктөштүк деген сыпат берүүгө бардык жагынан даярбыз. Артка кайткыс болуп жүргүзүлүп жаткан реформалар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, биздин кызматташтыгыбызды тереңдетүү үчүн жакшы шарт түзүп жатат. Биз адам укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даярбыз. Биздин негизги максатыбыз мамлекеттик башкаруу системасында айкындуулукка жетишүү жана коррупцияны толук жоюу болуп саналат, - деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбек президенти өлкөнү 2016-жылдын сентябрынан бери башкарып келе жатат. Андан бери ал коңшулар менен алаканы жөнгө салып, саясий туткундардын айрымдарын абактан чыгарып, экономикалык реформаларды баштаган. Өзбек-герман форумунун адам укуктары боюнча өкүлү, талдоочу Лин Швайсфус Мирзиеёвдин сапары тууралуу буларга токтолду:

- Бул - Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө сапары. Ал «улуу реформатор» катары таанылып жатат, бул кандайдыр бир деңгээлде чындык. Бир канча реформаларга негиз салынды. Бирок алардын көбү экономикада. Мирзиёев өзүнүн «улуу реформатор» деген атын ырасташы үчүн көп нерсе кылышы керек. Бизди тынчсыздандырып жаткан адам укуктары маселесине көңүл бурулушу зарыл. Өзбекстанда мурдагыдай эле миңдеген саясий туткундар бар. Алардын көбү кыйноого туш болгон деген маалыматтар кездешет. Коррупциянын деңгээли азыр да жогору. Өзбекстан мурдагыдай эле элди күчтөп жумушка салып, жыл сайын адамдарды пахта талааларына жиберет.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык укук коргоо уюму бийликке Мирзиёев келгенден бери түрмөдөн журналисттер бошотулганын, бирок бул жөн гана жакшы көрүнүү аракети экенин белгилеп жатат. Уюмдун маалыматына караганда, Өзбекстанда Интернет катуу көзөмөлгө алынган, көптөгөн эркин веб-сайттарга бөгөт коюлган, бул өлкөнү сындаган журналисттер болсо Өзбекстанга киргизилбейт.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 165-орунда турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG