Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

Орусияда "Жахабанын күбөлөрүнүн" мүчөсү соттолду


Даниянын жараны Деннис Кристенсен сотко жеткирилген учур. 6-февраль, 2019-жыл.
Даниянын жараны Деннис Кристенсен сотко жеткирилген учур. 6-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын Орел шаарында Даниянын жараны Деннис Кристенсен "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун жергиликтүү бөлүмүн жетектегени үчүн күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

46 жаштагы Кристенсен - “Жахабанын күбөлөрү” Орусияда экстремисттик уюм катары таанылган соң ушундай айып менен кесилген биринчи адам. Тергөөнүн версиясына караганда, ал акча чогултуп, жаңы адамдарды тартыш үчүн диний үгүт менен алектенип келген.

2017-жылы кармалган Кристенсен Федералдык коопсуздук кызматы эгер ал күнөөсүн толук мойнуна алса, камактагы мөөнөтүн эки эсе азайтууга убада бергенин айткан.

2017-жылы Орусиянын Жогорку соту “Жахабанын күбөлөрү” диний уюмун экстремисттик деп тапкан. Укук коргоочулар сот Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтирген бир да фактыга таянбай чечим кабыл алганын сындап келатышат.

"Amnesty International" баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кристенсенди бошотууну талап кылып, билдирүүлөрдү таркатышкан.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "жахабачылардын" эсебинде, Орусияда алардын 170 миңдей жолдоочусу бар.

XS
SM
MD
LG