Москвада экс-президент Хамид Карзай баштаган делегация менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү экинчи күнү уланды. Талибдердин өкүлдөрү Ооганстандан чет элдик күчтөрдүн чыгып кетишине басым жасашты. Ошондой эле жолугушууга катышкандар президент Ашраф Ганинин администрациясын сындашты. Москвадагы жолугушууга ооган бийлигинен эч ким барган жок.
Орусиянын баш калаасында өткөн сүйлөшүүнү Кабул администрациясы сындаганы менен ал 17 жылдык согушту тынчтык жолу менен токтотуунун кеңейтилген варианты катары бааланып жатат.
Батыш маалымат каражаттарынын баамында, тынчтык сүйлөшүүлөрү илгерилеп баратат.
“Талибан” кыймылы 6-февралда билдиргендей, Вашингтон Доха шаарындагы сүйлөшүүдө аскер күчтөрүнүн жарымын апрелдин этегине чейин чыгарып кетүүгө макул болгон. Алар бул жараян башталганын ырасташты.
“Талибандын” саясий кеңсесинин жетекчисинин орун басары Абдул Саам Ханафи Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Америкалыктар өз жоокерлеринин жарымын дароо чыгарып кетүүгө макул болушту. Аскерлер 1-февралдан тарта апрелдин этегине чейин чыгып кетишет” деп айтты.
“Талибандын” дагы бир өкүлү Сохаил Шахин: “Бул биринчи кадам, биз бардык чет элдик күчтөрдүн чыгып кетишин жана биздин өлкөдө чет элдик армиянын болбошун каалайбыз”, – деди. Бирок Вашингтон өз аскердик күчтөрүн Ооганстандан чыгаруунун чоо-жайын жарыялаган жок.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн эки жума мурунку Катардагы жолугушуусу алты күнгө созулду. Анда Вашингтон менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкени кабарланды.