Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

АКШда Тенгиз Сыдыков үч жылга кесилди


Тенгиз Сыдыков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Тенгиз Сыдыков. Сүрөт анын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Виржиния штатынын Чыгыш округунун соту Кыргызстандын жараны Тенгиз Сыдыковду "курал аткезчилигине аралашкан" деген негизде үч жылга эркинен ажыратты.

Сыдыков өзүнө тагылган айыптардын бирин мойнуна алгандан үч ай өткөн соң, 11-январда судья Т. Эллис өкүмүн чыгарган.

Соттун өкүмүндө айыпкер Пенсильвания штатынын Маршан өрөөнүнө жакын жердеги түрмөлөрдүн биринде 36 ай жазасын өтөй турганы жазылган.

Сыдыковго тагылган айыптар боюнча 20 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн болчу. Ал башында коюлган айыпты толук четке какканы белгилүү.

Тенгиз Сыдыков "Республика" гезитинин башкы редактору, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экени белгилүү.

“Азаттык” радиосу Замира Сыдыкова менен 6-февралда телефон аркылуу байланышканда уулуна тагылган айып боюнча мындай түшүндүрмө берди:

- Башында бир катар айыптар тагылганы менен, кийин куралды лицензиясы жок жиберген деген айыптоо гана калды. АКШда “Курал сатууга көзөмөлдүк кылуу боюнч акт” деп аталган мыйзам өзгөрүп жатат. Өзгөртүлгөн жобого ылайык, баасы 500 долларга жетпеген куралдын бөлүктөрүн жиберүүгө лицензия талап кылынбайт. Андыктан Тенгизге чегерилген үч жыл жыл катаал жаза болуп саналат. АКШда тажрыйбада колдонулгандай, бул мөөнөт абакта жазасын өтөп жатканда кыскартылат. Ал мөөнөтүнөн мурун шарттуу бошотуу, абак мөөнөтүн кыкартууга алмашышы мүмкүн.

Тенгиз Сыдыков АКШнын жаранына үйлөнгөн, бир уулдун атасы.

Бул иш боюнча айыпталган казак жараны Эльдар Резванов былтыр июль айында төрт жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 27-февралда АКШнын Виржиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасы 29 жаштагы Тенгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Эльдар Резвановду курал-жарактардын бөлүктөрүн Чеченстанга ташууга аракеттенген деген шек менен кармаган.

Кийинчерек Сыдыковдун бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Бул ишти иликтеген АКШнын Ички коопсуздук департаментинин атайынын агенти Майкл Гручаштын көрсөтмөсүндө аталган эки адам Чеченстандагы жана башка жактардагы чет өлкөлүк банктардан АКШга акча котортуп, ал акчага “Глок” тапанчаларынын бөлүктөрүн, АК-47 автоматынын окторун сатып алып турганы, аларды “ашкана буюмдары” катары Чеченстанга жөнөтүүгө аракет кылганы айтылат.

Тенгиз Сыдыковдун бир тууганы, Бишкекте жашаган Чыңгыз Сыдыковду былтыр УКМКга суракка чакырып, АКШдагы курал сатууга тиешеси бар-жогун териштирген.

XS
SM
MD
LG