Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

ИИМ: Элтуйбасовду экстрадициялоо Башкы прокуратуранын милдетине кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай маалыматты ИИМ 6-февралда таратты.

Анда Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча ИИМ менен Башкы прокуратуранын кайчылаш маалыматтарын таратканына байланыштуу түшүндүрмө берилген.

"Калыбек Элтуйбасов 2018-жылы АКШда миграциялык мыйзамды бузганы үчүн кармалган. Учурда анын иши Миссури штатындагы Сент-Луис шаардык сотунда каралып жатат, жыйынтыгында Элтуйбасов депортация болушу ыктымал. Кыргызстандын ИИМи ал кармалгандан бери Американын укук коргоо органдары менен Интерпол аркылуу тыгыз кызматташып жатат. Мунун натыйжасында АКШ тарап Элтуйбасов Кыргызстанда оор кылмыш үчүн шектелип, эл аралык издөөгө алынганы тууралуу кабардар. Бардык маалыматтар Башкы прокуратурага жиберилген. Аны экстрадициялоо маселеси Башкы прокуратуранын милдетине кирет", - деп жазылган.

5-февралда Башкы прокуратура Калыйбек Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча суроо-талап АКШга жиберилбегенин маалымдап, буга эки өлкө ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуу жоктугун жүйө кылган.


Мунун алдында ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов АКШда кармалган Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура аркылуу аталган өлкөгө суроо-талап жөнөтүлгөнүн билдирген. Ал Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылууга шек саналып жатканын кошумчалаган.

Маалым болгондой, "киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган.

Алардын ичинде Калыйбек Салянов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары мүнөздөлүп калган. Ички иштер министрлиги бул иште "тергөөгө каршылык көрсөткөн" деген киненин негизинде Калыйбек Саляновго айып коюп, 2017-жылы ага издөө жарыялаган.

Буга чейин кабарлангандай, Калыйбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG