Тогуз-Торо районунун Казарман - Актал-Чат автоунаа жолунун 43-45-чакырым аралыктарына түшкөн кар көчкү тазаланып, 7-февралда саат 11:00дө жол толугу менен ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
6-февраль кечирээк аталган тилкеде көлөмү болжол менен 9000 метр куб кар көчкү түшүп, бир жеңил автоунаа, эки оор жүк ташуучу автоунаа тогуз жүргүнчүсү менен камалып калган. Алар чыгарылып, жолго бир тараптуу из салынган. Жабыркагандар жок.
Көчкү болгон жерде ӨКМдин Тогуз-Торо райондук №46 өрт-куткаруу бөлүмүнөн төрт куткаруучу, үч кызматкер жана №18 жол-тейлөө ишканасынан бир бульдозер тартылган.
6-февралга караган түнү Чоң-Алай районунун Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык жолунда кар көчкү басып калган “Деу Матиз” автоунаасындагы эки адам аман-эсен чыгарылган. (ErN)