Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс жөнүндө жалпы 14 735 китеп басып чыгарылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте “Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.
- Муну чыгарууга Ички иштер министрлигинин өзүнүн 3 млн. сомдой каражаты кетти. Мындан сырткары эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын жардамы менен чыгардык,-деди Асанов.
Аталган маселе боюнча суроо берген депутат Мирлан Бакиров эми кодекстерге өзгөртүү кирсе, ал китептер жараксыз болуп калаарын сынга алды. “Мыйзам өзгөрсө китептерди кайра басып чыгарыш керек болуп калат” деди ал.
Буга чейин аталган беш кодексти жана башка эки мыйзамды иштеп чыгууга, соттук-укуктук реформа жүргүзүүгө жалпы 13,6 млн. евро каражат жумшалганы айтылган. Ал акча кайсы жумуштарга, кимдерге берилгени так кабарланган эмес.
7-февралдагы “Азаттыктын” "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүндө юстиция министри Марат Жаманкулов бул каражаттардын иштетилиши боюнча маалыматтар өкмөткө берилгенин айтты. (ErN)