Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Пентагондун башчысы Ооганстанга барды


АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан. 28-январь, 2019-жыл.
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан. 28-январь, 2019-жыл.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан капысынан Ооганстанга келип, ал жерде кызмат өтөгөн аскер жетекчилиги жана ооган бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Ушул тапта «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимин түзүш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

11-февралда Кабулга барган Шанахан кабарчыларга билдиргендей, ал ооган лидерлери менен өлкөнүн келечегин сүйлөшүп, "Талибан” менен тынчтыкка жетишүүнүн жолдорун да талкуулайт.

“Бул сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн катышканы өтө маанилүү” – деген Шанахан “Ооганстандын келечегин ооган эли чечиши керек” экенин белгиледи.

Оогандардын айрым бөлүгү "Талибан" кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө каршы болсо, куралдуу топ Кабулдагы өкмөттү “Батыштын куурчагы” деп сыпаттап, жолугушууну четке каккан.

Шанахан ошондой эле Ак үй ооган жергесиндеги 14 миңдей америкалык аскерди азайтууга көрсөтмө бербегенин айтты.

Буга чейинки маалыматта АКШнын президенти Дональд Трамптын америкалык контингенттин жарымын кыскартуу тууралуу чечими бар экендиги кабарланган.

Былтыр 19-декабрда президент Трамп Сирияда араб жана күрт кошуундарына көмөк көрсөтүп жүргөн 2 миңдей америкалык аскер мекенине кайта турганын жарыялаган. Аны улай АКШ администрациясы өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарууну караштырып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG