Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Украинада облкеңештин башчысы активисттин өлүмүнө шектүү деп табылды


Украинанын Ички иштер министрлигинин алдына пикетке чыккандар Екатерина Гандзюктун сүрөтүн кармап турушат.
Украинанын Ички иштер министрлигинин алдына пикетке чыккандар Екатерина Гандзюктун сүрөтүн кармап турушат.

Украинанын Херсон облусунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы Владислав Мангер активист Екатерина Гандзюктун өлүмүнө шектүү деп табылды. Бул тууралуу өлкөнүн баш прокурору Юрий Луценко билдирди.

Айыптоодо Мангер «Гандзюктун токойлордун мыйзамсыз кыйылышына каршы ишмердигинен улам, активист менен пикири келишкен эмес", андыктан "киши өлтүрүүнү уюштурган" деп айтылат.

Мунун алдында "Батькивщина" партиясы Мангерди өз катарынан чыгарган. Активисттин атасы облустук кеңештин төрагасы анын кызын өлтүргөндөр менен байланышта болгонун билдирген.

Былтыр июлда Херсон шаарынын мэринин кеңешчиси, 33 жаштагы Екатерина Гандзюкка кислота чачып кетишкен. Активист бир нече айдан кийин ооруканада көз жумган.

Өткөн дем алышта Киевдин полициясы «Катя Гандзюкту өлтүрүүгө ким буйрук берген?» деп аталган акциянын ондогон катышуучуларын кармаган.

Гандзюктун өлүмүнө шектүү деп беш киши, анын ичинде полициянын офицери кармалган.

XS
SM
MD
LG