Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Украинада активисттин өлүмү коомду козгоду


Жекшемби күнү Украинанын Ички иштер министрлигинин алдына пикетке чыккандар Екатерина Гандзюктун сүрөтүн кармап турушат.
Жекшемби күнү Украинанын Ички иштер министрлигинин алдына пикетке чыккандар Екатерина Гандзюктун сүрөтүн кармап турушат.

Украиналык таанымал жарандык активист Екатерина Гандзюктун өлүмү Киевде саясий чыңалууга себеп болду. “Жооптууларды таба алган жок” деп сынга кабылган украин башкы прокурору кызматтан кетерин жарыялады. Бирок айрым депутаттар муну "саясий шоу" жана жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалашты.

Украинада соңку эки күндөн бери жарандык активист, Херсон шаарынын мэринин мурдагы кеңешчиси Екатерина Гандзюктун өлүмү талкуу жаратууда. Полиция тармагындагы паракорчулукту кескин сындап келген Гандзюкка 31-июлда Херсондогу үйүнүн жанында белгисиз адамдар күкүрт кислотасын чачып кетишкен эле.

Анын денесинин 40 пайызы күйүп кеткени, бир көзү көрбөй калганы аныкталган. 33 жаштагы активист мындай жараатынан жакшы боло албай, 4-ноябрда Киевдеги ооруканада көз жумган.

Андан бери Украинанын шаарларында пикеттер өтүп, андагылар активистке кол салууга буюртма берген адамдарды табууну талап кылып жатышат. Дүйшөмбү күнү Украинадагы 73 коомдук жана укук коргоо уюмдары ачык кайрылуу кабыл алып, башкы прокурор Юрий Луценконун жана ички иштер министри Арсен Аваковдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Коомчулуктун кысымынан кийин шейшемби күнү Жогорку Рада Гандзюктун иши боюнча күч органдарынын баяндамасын угууну чечип, ал жыйында башкы прокурор Луценко иштен кетерин жарыялады:

Юрий Луценко.
Юрий Луценко.

- Бүгүн мен кызматтан кетүү тууралуу арызымды президентке берем. Силер, парламент бул маселени карашыңар керек. Бул жумада аны чечип берүүңөрдү суранам. Мен ишимди аткаргам жана аткара берем. Кечээки күнгө чейин эле Гандзюктун ишине байланыштуу иликтөө натыйжалуу жүрүп жатканына ынанып тургам. Бирок активисттин өлүмүнө байланыштуу чайкоочулук кыжырыма тийди. Кечээки маалыматтардын толкуну иликтөөнүн жолун бууп койду.

Юрий Луценко активистке кол салгандарды аныктоо маселеси “үгүт өнөктүгүнө” айланып кеткенин, Гандзюктун өлүмү үчүн жоопкерчилик украин бийлигинин мойнуна илинип жатканын белгилеп, эл телевизор менен укук коргоо органдарынын кимисине ишенүү керек экенин өзү чечиши зарыл болорун кошумчалады.

Ал ошондой эле Жогорку Раданын Гандзюктун ишин иликтөө үчүн убактылуу комиссия түзүү тууралуу чечимин да сынга алып, тергөө бүтө электе комиссия эч кандай пайда алып келбей турганын билдирди.

Бир жарым ай мурда Юрий Луценко март айындагы президенттик шайлоодон кийин гана кызматтан кетерин айткан болчу. Украин парламентинин вице-спикери Ирина Геращенко коалициялык көпчүлүк Луценконун кызматтан кетишине макул эмес экенин билдирди. Шейшемби күнү Луценконун кызматтан кетиши тууралуу маселе Раданын рейтингдик добуш берүүсүнө коюлуп, депутаттардын 116сы "каршы", 38и "макул" деп добуш берди. Андыктан Луценконун кызматтан кетери же ишин улантаары азырынча так белгисиз.

Депутат Мустафа Найем.
Депутат Мустафа Найем.

Президент Петро Порошенконун «Тилектештик» блогунун депутаты Мустафа Найем башкы прокурордун иштен кетүү тууралуу билдирүүсүн «жалган» жана «саясий шоу» деп атап, аны "жоопкерчиликтен качып жатат" деп айыптады:​

- Башкы прокурор азыр качып баратат. Ал иштегиси келбегени үчүн эмес, шайлоого баратканы үчүн жана жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбегени үчүн качып жатат. Ага караганда биздин колдон иш келет. Андан көрө биз өзүбүз бул иштерди иликтеп, ким күнөөлүү экенин, ким буюртма бергенин далилдейли.

Кол салууга кабылгандар көз жаздымда калып жатабы?

Кантсе да өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин катуу сындап келген Гандзюктун өлүмү Украинада жарандык активисттер туш болгон зордук-зомбулук фактыларын иликтөө маселесин күн тартибине чыгарды. Украинадагы “Адам укуктары боюнча маалымат борбору” кабарлагандай, 2017-жылдын башынан бери өлкөдө коомдук ишмерлерди, жарандык активисттерди жана укук коргоочуларды бутага алган кеминде 55 кол салуу катталган.

Алардын айрымдары боюнча шектүүлөр камалса да буюртма берген адамдар сот жообуна тартыла элек. Гандзюк да көзү тирүү кезинде жарыялаган видео кайрылуусунда өзүнө окшоп зомбулукка кабылган ондогон адамдардын ишин жакшылап иликтөөгө чакырган.

Активист Гандзюкка кол салгандарды табууну талап кылган акциялар Украинада июль айынан бери бир жолу өткөрүлгөн.
Активист Гандзюкка кол салгандарды табууну талап кылган акциялар Украинада июль айынан бери бир жолу өткөрүлгөн.

Гандзюктун иши боюнча алгач беш адам кармалганы кабарланган. Бирок кимдер буюртма бергени эмгиче анык эмес. Активисттин адвокаты Маси Наем Украинадагы таасирдүү саясатчылар менен байланышы бар күч органдарынын өкүлдөрү Гандзюкка кол салганына ишенет.

- Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин салыштырмалуу жайбаракат мамилеси алар кимдер буюртма бергенин билерин каңкуулап жатат. Алар "күнөөлүүлөр ким экенин аныктай албай жатабыз" деп тынчсызданган жери жок. Ким экенин билишет, бирок кандайдыр бир себептерден улам муну ачыкка чыгаргысы келбей жатышат, - деди Маси Наем.

Жарандык активист Екатерина Гандзюкка кислота чачылышы алгач “Ээнбаштык” беренеси менен гана тергеле баштаган. Бирок коомчулуктун кысымынан кийин иш “Денеге оор жаракат келтирүү” беренесине алмаштырылган.

Гандзюк жекшембиде көз жумгандан кийин президент Петро Порошенко күнөөлүүлөрдү табууну талап кылды. Андан көп өтпөй кылмыш иши “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен териштириле баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG