Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Мадридде Каталониянын жикчил лидерлеринин соту башталды


Каталониянын жикчил жетекчилери Мадриддеги сот залында. 12-февраль, 2019-жыл.
Каталониянын жикчил жетекчилери Мадриддеги сот залында. 12-февраль, 2019-жыл.

Мадридде Каталониянын жикчил жетекчилеринин соту башталды. Аларга "мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланышкан" жана "козголоң уюштурушкан" деген олуттуу айыптар коюлууда. Мадрид жикчилер мыйзамсыз референдум өткөрүү менен аймактын өз алдынчалыгын жарыялоону көздөшкөн деп эсептейт.

Жогорку соттун имаратын полиция, анын ичинде терроризмге каршы атайын бөлүктүн кызматкерлери кайтарып турушат.

Айпталуучулар эртең менен Мадриддин четиндеги түрмөдөн сотко жеткирилди. Процессте 500дөй күбө көрсөтмө бермекчи. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Мариано Рахой, Барселона шаарынын мэри Ада Колау жана башка жетекчилер бар.

Жалпысынан 12 киши сот жообуна тартылууда. Алардын ичинде Каталониянын аткаруу бийлигинин мурдагы жетекчилери, мурдагы вице-президент Ориол Жункерас, аймактык парламенттин экс-төрайымы Карме Форкадел бар. Булардын арасынан тогуз кишиге көтөрүлүш уюштуруу боюнча айып коюлуп, жети жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Каталониянын мурдагы президенти, 2017-жылдагы референдумдун негизги демилгечиси Карлос Пучдемон сыртынан соттолууда. Ушу тапта жикчилердин лидери Белгияда баш калкалап жүрөт.

Бир жарым жылдай мурун уюштурулган референдум өлкөнү бөлүп, терең кризиске батырган.

XS
SM
MD
LG