Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Мирослав Енча: Украинада тынчтык сүйлөшүүлөрү “колдон чыкты”


Донецк, 26-сентябрь, 2017-жыл.
Донецк, 26-сентябрь, 2017-жыл.

Франция, Германия, Британия, Белгия жана Польша Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерге каржылык жана аскердик колдоо көрсөтүүнү токтотууга үндөштү.

Европа өлкөлөрү баштагыдай эле Орусиянын Крымды аннексиялап алганына каршы турушат. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында жарыяланган Евробиримдиктин биргелешкен билдирүүсүндө Москванын кылганы “Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуп, дүйнөлүк тынчтыкка коркунуч туудурат” деп белгиленет.

Бириккен Улуттар Уюму Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу максатында кол коюлган Минск келишими натыйжасыз болуп калганын моюнга алды. БУУнун баш катчысынын жардамчысы Мирослав Енча төрт жыл мурун түзүлгөн макулдашуу “негизинен аткарылган жок” деп билдирди. Анын айтымында, Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары “баштапкы демин жоготуп, ал эми негизги тараптар бир макулдашууга келүүнү каалашкан жок”. “Европанын чордонундагы жаңжал дымып калган жок” деген Енча “анын курмандыктары дагы эле көбөйүп жатканын” белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары ок атышпоо жөнүндө 10дон ашуун макулдашууга кол коюшканы менен анын бири да сакталган жок.

Украинанын чыгышындагы жикчилдер менен өкмөттүн куралдуу тирешүүсү башталгандан бери 2,5 миңден ашуун карапайым адам өлүп, тогуз миңден ашууну жарадар болду.

XS
SM
MD
LG