Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Москвада камактагы аспирант Азат Мифтаховду колдогон акция өттү


Азат Мифтахов, 7-февраль, 2019-жыл.
Азат Мифтахов, 7-февраль, 2019-жыл.

Активисттер Москванын Войковский районундагы тергөө абагынын жанында Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетинин аспиранты Азат Мифтаховду колдоп чыгышты.

25 жаштагы аспирант "«Бирдиктүү Орусия» партиясынын кеңсесине өрт коюуга аралашкан" деген кине менен кармалган.

Мифтахов коюлган айыпты четке кагып, аны үй камагына калтырууну соттон өтүнгөн.

Акциянын төрт катышуучусу жол боюнда «Азат Мифтаховго эркиндик!» деген жазуусу бар баннерди кармап турушту. Алар «Саясий туткундарга эркиндик!», «ФСБ Орусияны кыйноодо!» деп кыйкырышты.

2018-жылдын январында белгисиз бирөөлөр "Бирдиктүү Орусия" партиясынын кеңсесинин терезесин талкалап, ичине күйүп жаткан шам ыргыткан.

Партиянын кеңсине өрт коюу боюнча кылмыш иши иши былтыр январда башталып, бирок шектүү адамдар аныкталбагандыктан токтотулган. Иш быйыл 7-февралда кайра жанданып, Мифтахов кармалган.

Анын адвокаты Светлана Сидоркинанын журналисттерге айтканына караганда, Мифтаховду тергөөнүн жашыруун күбөсү “анын кашынан” улам тааныган.

Мифтахов 1-февралдан бери укук коргоо органдарынын колунда. Ал кыйноого кабылганын айтып даттанган, кан тамырын кыйып салууга аракеттенген. Мифтахов менен кармалгандардын дагы бирөө кыйноого кабылганын айткан.

Окумуштуулар жана укук коргоочулар аспирантты тезинен бошотууну талап кылып, орус бийлигине ачык кат жазышкан.

Адвокаттар болсо кыйноо фактысын иликтөөнү талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG