Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Казакстанда сот активист Серикжан Билашка айыппул салды


Серикжан Билаш
Серикжан Билаш

Алматынын район аралык административдик соту бүгүн, 13-февралда Казакстандагы "Ата Журттун ыктыярдуу жаштары" деп аталган уюмдун жетекчиси Серикжан Билаштын иши боюнча токтом чыгарды. Серикжан Билашка "каттоого алынбаган бирикмени жетектеген жана ага катышкан" деген айып тагылган.

Соттун чечимине ылайык, Билаш 252 миң теңге (670 доллар) айыппулга жыгылды.

Активист соттун чечими менен макул эместигин жана жогорку инстанцияга даттана турганын билдирди. Анын айтымында, бул чечим тууган-туушкандары Кытайдын Шинжаң уйгур-автоном районунда камалган ("тарбиялоо лагерлери") кайрылмандарга укуктук жардам берген уюмдун ишине таасир этпейт.

Серикжан Билаш боюнча иш 12-февралда карала баштаган. Ал күнү жараянда активист өзүнө коюлган кине менен макул эместигин айткан.

Билаш башында турган топ Шинжаңдагы лагерлерде кармалган казак жана кыргыздарга байланыштуу Алматыда бир нече жолу маалымат жыйынын өткөргөн. Ага Шинжаңда жакындары камакта калганын жана дайын-дареги белгисиз экенин айтып уюмга кайрылган кайрылмандар да катышкан.

​Шинжаңда миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "түрмө, концлагерь" деп атаса, Кытайдын бийлиги “жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор" катары сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG