Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп акыркы жылы салмак кошконуна байланыштуу расмий түрдө ашыкча салмактан жабыркаган адамдардын катарына кирген. Ошого карабай анын саламаттыгы дурус экенин дарыгерлер соңку медициналык кароодон кийин билдиришти.
Ак үй 14-февралда жарыялаган билдирүүгө ылайык, учурда Трамптын салмагы 110,22 кг, ал эми боюнун узундугу 190 см. Анын салмагынын индекси 30,4 га барабар. Бул көрсөткүч 30дан ашканда ашыкча салмак деп эсептелет.
Ар кандай иликтөөлөргө ылайык, америкалыктардын 40 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт.
72 жаштагы президенттин саламаттыгы дурус экенин Трамптын жеке дарыгери Шон Конли да ырастады. Мындай жыйынтыкка ал бир катар анализдердин, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында келгенин кошумчалады.
Трамп ичкилик ичпейт, тамеки чекпейт. Бирок ал тез татым тамактарын жакшы көрөрү жана тренажердук залда машыкпаганы белгилүү. АКШнын президенти негизинен гольф ойнойт.