Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Дели Исламабаддан "террордук топторду колдобоону" талап кылды


Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагындагы жардырууда 44 полиция кызматкери курман болду. 14-февраль, 2019-жыл.
Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагындагы жардырууда 44 полиция кызматкери курман болду. 14-февраль, 2019-жыл.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагында 44 полиция кызматкеринин өмүрүн алган террордук чабуул үчүн Дели Исламбадды күнөөлөп, Пакистан бийлигинен өз аймагындагы террордук топторго колдоо көрсөтүүнү токтотууну талап кылды.

14-февралда болгон жанкечтинин жардыруусунан көп өтпөй Индиянын Тышкы иштер министрлиги Исламбаддан Пакистанды база катары пайдаланып келген "террорчуларды жана террордук топторду колдоону токтотууга" чакырды.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан “Жаиш-и-Мухаммед” радикал тобу өз мойнуна алды. Бул соңку он жыл ичинде аталган аймакта болгон эң кандуу калаба болуп калды.

Окуяны Индиянын премьер-министри Нарендра Моди айыптап, "террорчу уюмдар жана аларга буйрук бергендер чоң ката кетиришкенин, бул үчүн жооп беришерин айткым келет" деп билдирди.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги 15-февралда тараткан билдирүүсүндө кол салууну "чоң тынчсыздандыруу жараткан окуя" деп баалап, муну эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзбөй туруп расмий Исламабад менен байланыштыруу аракеттеринин баарын четке какты.

Британиянын оторчулугу аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар үстөмдүк кылган аймактын айынан жаңжалдашып келатышат. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт.

Буга чейин ири теракт Кашмирде 2016-жылы болгон. Согушерлер Индия армиясынын лагерине чабуул койгондо 20дан ашуун аскер окко учкан.

XS
SM
MD
LG