Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Дүйшөмбү: бозгундагы тажик оппозиционери мекенине кайтты


Шарофиддин Гадоев.
Шарофиддин Гадоев.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бозгундагы белгилүү тажик оппозиционери Шарофиддин Гадоев өлкөгө кайтып келгенин билдирди. Министрлик 33 жаштагы Гадоев Дүйшөмбүгө 15-февралда Москва аркылуу учуп келгенин өз сайтына жарыялады. Анда оппозиционер буга чейин "кылгандары боюнча өкүнүп жатканы" айтылган".

Анын апасы Оишамо Абдуллоева уулу кайтып келгенин билбей турганын "Азаттыктын" тажик кызматына айтты. Бирок Гадоевдин досторунун бири, "Евразия диалогу" фондунун башчысы Мухаммад Сафарзода оппозицонер "өз эрки менен кайтып келди" дегенге ишенбей турганын, тажик бийлиги досун Москвадан уурдап келген болушу мүмкүн экенин божомолдоду.

Гадоев соңку бир канча жылдан бери Голландияда жашап келген. Тажик бийлиги ага "Аткезчилик" жана "Жалган документтерди жасоо" беренелери боюнча айып коюп, издөө жарыялаган. 2015-жылы чет өлкөдөгү тажикстандык оппозициячыл активисттер Гадоевди "Группа 24" аттуу тажик бийлигин сындаган топтун жетекчиси катар шайлашкан.

XS
SM
MD
LG