Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Тажик жетекчилери "Группа 24тү" кылмышкер кылды


Дүйшөмбү шаары.
Дүйшөмбү шаары.

Тажикстандын мартабалуу жетекчилери 10-октябрда Дүйшөмбүдө антиөкмөттүк демонстрация өткөрүүнү мерчемдеген оппозициячыл топту “кылмышкерлер” деп аташты.

Республиканын башкы прокурору болсо “Группа 24” тобуна тыюу салууну өтүнүп, Жогорку Сотко кайрылды. Ал эми топтун активисттеринин бири Шарофиддин Гадоевдин жакындарын кармап кетти. Береги топту бизнесмен, эки жыл илгери ата журтун таштап кеткен ишкер Умарали Куватов түзгөн. Гадоев анын тууганы жана бизнес өнөктөшү.

Башкы прокуратуранын сайтында жарыялангандай, чет өлкөдө эмиграцияда жашаган жарандар жетектеген экстремисттик топту тыюу өтүнүчү өлкө “коопсуздугун, туруктуулугун жана тынчтыгын” камсыздоо үчүн жасалууда. Себеби, “топтун негизги максаты - мамлекеттик бийликти күч жана антиконституциялык жол менен басып алуу” деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми ички иштер министри Рамазан Рахимзода орустардын ИТАР-ТАСС агенттигине сүйлөп, жарандарды уруксатсыз митингге үндөгөн адамдарды “кылмышкерлер” деп атады жана уюмдун башчысы жасаган түрдүү кылмыштары үчүн издөөдө жүрөт деди.

“Группа 24” тобунун негиздөөчүсү, бизнесмен Умарали Куватов 2012-жылы Тажикстанды калтырып Москвага кетип, ал жактан аталган оппозициячыл уюмду түзгөн. Былтыр тажик бийликтери бир кезде президент Эмомали Рахмондун үй-бүлөсүнө жакын Куватовду казынага 1, 2 миллион доллар чыгым келтирген деп, сыртынан соттогон.

5-октябрда Тажикстанда ондогон сайттар, алардын ичинде Facebook, ВКонтакте, YouTube жана айрым орусиялык популярдуу социалдык түйүндөр жабылып, ошондон бери иштебей калган. Бирок тажик өкмөтү сайттардын жабылышына эч кандай тиешеси жок экенин айтып чыга берди. Интерфакстын билдиришинче, жабылган интернет басылмалардын саны 200дөн ашат.

Андан эки күн мурда социалдык тармактарда 10-октябрь күнү жума намаздан кийин душанбеликтерди саясий өзгөрүүлөргө чакырган митингге үндөгөн кайрылуулар чыккан.

Масс-медиа берегидей үндөөлөрдүн артында “Группа 24” турат деп маалымдады.

7-октябрда Фахрор райондук милициясы “Группа 24” тобунун активисти Шарофиддин Гадоевдин жакындарын кармап кетти. Бул район Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусуна карайт.

Умаровдун тууганы жана бизнес өнөктөшү, 29 жаштагы Шарофиддин ноябрдан бери Испанияда жашайт. Ал маал-маал тажик өкмөтүн мыйзамдарды бузууда деп сындап жүрөт.

Шарофиддиндин агасы Рахматулло Гадоев “Азаттык” радиосуна шейшемби күнү берген интервьюда эртең менен ата-энесин, карындашын жана күйөө баласын милиция кармап кеткенин, соңку күндөрү өмүрү үчүн кооптоно баштаганын айтты:

- Эки-үч күндөн бери өмүрүм үчүн кооптоно баштадым. Алар бүгүн да келип, үйүңөрдү тинтебиз дешти.

Рахматуллонун билдиришинче, жакындарын эмненин негизинде кармап кетип жатканын милиционерлер айткан эмес.

Райондук милициянын акими “Азаттык” радиосуна айтканга караганда, Гадоевдер тартип сактоочулар менен сүйлөшүүгө өз ыктыяры менен барышкан жана аларга мыйзамга ылайык мамиле жасалган.

Жеке менчик транспорттук ишканасы бар Шарофиддин Гадоев президент Рахмондун туугандарына таандык “Фараоз” фирмасы менен чатакташып кеткенден кийин ата журтун таштап кетүүгө аргасыз болгон. Быйыл январда Ш. Гадоев жалган документтерди жасаган деп сыртынан айыпталып, ага эл аралык издөө жарыяланган.

XS
SM
MD
LG