Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Москвада бир аптада үч калайман мушташ катталды


Орусиядагы полиция кызматкери. 27-февраль, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы полиция кызматкери. 27-февраль, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Москвадагы Волгоград проспектисинде болгон калайман мушташтан эки адам каза тапты. Тергөөнүн версиясына караганда, уруштун чыгышына машине жуучу комплексте иштеген жумушчулар ортосунда башталган чыр себеп болгон.
Маалымат каражаттары мушташка 15 адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышты.

Жуманын ортосунда Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта ок атылып, үч киши жаракат алганы маалым болду. Анда 15 киши кармалганы кабарланды.

Ушул эле апта ичинде Печатники районундагы "Неолит" кафесинин жанында 50дөй киши катышкан уруш катталганын "МК" басылмасы жазды. Гезит өз булактарына таянып кабарлагандай, бул мушташтын чыгышына азербайжандыктар менен чечендердин ортосундагы этникалык себептерден улам уланып келаткан чыр себеп болгон. Бул окуяга байланыштуу белгилүү ислам блогери Алибек Мирзехановдун камалганы маалымдалды. Анын Инстаграмдагы баракчасына 100 миңден ашуун адам катталган. Мирзехановдун агасы Алибек мушташка катышпаганын жана анын ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, муну жөн гана шылтоо катары колдонуп жатышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG