Кыргызстан «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат алган соңку үч жылдан бери Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө жиберген экспорту көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика министрлигинин өкүлү Бүбүсара Токтоналиева билдирди:
- Эгер алтынды эсепке албай, санак жүргүзсөк 2018-жылы Европа Биримдигиндеги өлкөлөргө кеткен биздин экспортубуз 95 млн. долларды түздү. Бул 2017-жылга карата ал салыштырмалуу дээрлик 1,60 эсе көбөйдү дегенди билдирет.
Токтоналиеванын айтымында, Кыргызстан «ВСП+» – Жалпы жеңилдиктер системасына кошулганга чейин, 2015-жылы өлкө аталган биримдикке 50,4 млн. долларлык товар жөнөткөн. «ВСП+» макамын алган 2016-жылы бул сумма 41,0 млн. доллар, 2017-жылы 59,5 млн. доллар болгон.
Кыргызстандык экспортерлор негизинен Британияга, Белгияга, Германияга жана Литвага көбүрөөк товар жөнөтөт. Негизинен айыл чарба өндүрүмү, төө буурчак, козу карын, жаңгак, жашылча-жемиштер, жер-жемиштер, кургатылган жемиштер сатылат. Мындан сырткары транспорттук каражаттар, алардын тетиктери, механизмдери жана түстүү металлдар кетет.
Ошондой эле Евробиримдикке 2016-жылы 31,3 млн., 2017-жылы 186,8 млн., 2018-жылы 663 млн. долларга тете алтын экспорттолгон. Бул негизги экспортко кошуп саналбайт.
Европа Биримдиги расмий Бишкектин өтүнүчү менен «Всеобщая система преференций+» («ВСП+») – Жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу макамын Кыргызстанга 2016-жылдын 27-январында берген. Ага чейин кыргызстандык экспортерлор айыл чарба өндүрүмүнө 14,6%, текстил буюмдарына 5-9% бажы төлөмүн төлөчү. (ErN)