Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Тажик милиционерлери китепканага барууга милдеттендирилди


Тажикстандын полиция кызматкерлери.

Тажикстанда Ички иштер министрлигине караштуу бардык мекемелердин кызматкерлери милдеттүү түрдө китепканага барып, окуган китептери тууралуу отчет берип турушат. Бул тууралуу ички иштер министри Рамазон Рахимзода 18-февралда билдирди.

Буга байланыштуу милициянын бөлүмдөрүндө ички курамдын сабаттуулугун арттыруу максатында чакан китепканалар ачылмай болду. Китепканачылар ар бир адамды каттап, ал алган адабиятты жана китепканада өткөргөн убактысын белгилеп турушат.

Милиция кызматкерлерине кесиптик адабият же гезит-журнал окуганга болбойт. Алар сөзсүз түрдө көркөм адабият же президент Эмомали Рахмондун китептерин окушу керек.

Төрт айда бир жолу милиционерлердин адабияттан билимин тест түрүндө текшерип турушат. Ал эми ай сайын ар бир кызматкер кандай китеп окуганын, авторлорун баарын айтып, отчет берип турушу керек. Китепканага баруудан тышкары коңшу өлкөдө милиция кызматкелери милдеттүү түрдө англис жана орус тилдерин үйрөнүшү керек. Ал эми тажик тилин билбегендерге да атайын курстар ачылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG