Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Тажикстан: милициянын жоругунан чыр чыкты


6-ноябрда Хорог шаарында митингге чыккандар.
6-ноябрда Хорог шаарында митингге чыккандар.

Тажикстандын Хорог шаарында 6-ноябрда милицияга каршы митинг өттү. Чогулгандар жергилик тургундарга ок аткандарды жазалоону, шаардагы көзөмөл постторун алууну талап кылышты. Тартип сакчылары митингчилерди аймактагы кылмыштуу топтордун башчылары козутуп жатканын айтууда.

Элди аткан милиционерди жазалоо тууралуу талап

Тажикстанда бийликке каршы митингдер өтө сейрек кездешет. Бирок шейшембиде шаардык администрация имаратынын алдына чогулган 200гө жакын хорогдуктардын жүйөлөрү олуттуу. Алар жергиликтүү тургундарды аткан милиция жетекчисин жазалоону талап кылышты.

- Биздин эч кимге – өкмөткө да, милицияга да - керегибиз жок. Кимге кайрылабыз? Уулумду менин көзүмчө атып салышты. Бүгүн аны атса, эртең башкасын да ошентет, – деди алдыда турган аялдардын бири.

Эл алдына чыккан Ёдгор Файзов.
Эл алдына чыккан Ёдгор Файзов.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчиси Ёдгор Файзов элге чыкты.

- Мен сиздин күйүп атканыңызды түшүнөм, айтканыңызга макулмун, - деди Файзов ал аялга жооп берип жатып. - Бирок мага айтылгандар менен сиз айткандар эки бөлөк болуп атат. Чындыкты билиш үчүн чогуу баралы, чогуу чечим кабыл алалы.

5-ноябрга оогон түнү Хорогдо үч кишиге ок тийип жарадар болгон. Аларды аткан киши Тажикстан ИИМинин атайын аскер бөлүгүнүн командири, генерал-майор Хуршед Мухаммадзода экенин бир катар тажикстандык маалымат каражаттары жазышты.

Субхон Хамзалиев.
Субхон Хамзалиев.

Жабыркагандардын бири Субхон Хамзалиев "4-5 жигит соода күркөсүнүн жанында турганда "Тойота Лэнд Крузер" жана "Мерседес" үлгүсүндөгү эки автоунаа келди. "Мерседестин" терезеси ылдыйлатылып, бирөө атып жиберди", деп "Азаттыктын" тажик кызматына айтып берди.​

Ал эми автоном облустун коопсуздугу үчүн уюшулган Мекеме аралык штабдын билдирүүсү такыр башка.

Анда: «5-ноябрда оогон түну Хурсанд Мазоров баштаган беш киши МАИ постунун башчысынын машинесине чабуул койгон. Милиция офицери травматикалык тапанча менен атууга аргасыз болгон» деп айтылат.

Тоолуу Бадахшандын башчысы Ёдгор Файзов бул окуяны, шаардыктардын талабын мекеме аралык комиссия иликтей турганын билдирди.

Бейформал лидерлерге каршы күрөш

Сентябрда аймакка президент Эмомали Рахмон келип, жергиликтүү бийликти катуу сынга алган.

- Бир эле Хорог шаарында эки миң мамлекеттик кызматкер бар, - деген Тажикстандын мамлекет башчысы. - Алар 5-6 кылмышкердин айласын таппай жатышат. Мен буйрук бердим, мен жоопкерчиликти өзүмө алам. Эгер керек болсо Куралдуу күчтөрдү колдонгула. Жетишет да!

Президент “кылмышкерлер” дегенде Хорогдун "бейформал лидерлери" атыккан жети кишини эске алууда. Алардын бири - жогоруда "милицияга чабуул койгон" деп сөз болгон Хурсанд Мазоров.

Хурсанд Мазоров.
Хурсанд Мазоров.

22-октябрда "бейформал лидерлер" облпрокуратурада атайын талап кагаздарына кол коюшкан. Теледен көрсөтүлгөн ал кагазда “кылмыш топторун түзүүдөн, жаштарды жапырт башаламандыкка чакыруудан, мамлекеттик обьектилерди басып алуудан, мыйзамсыз баңгизат жана курал сатуудан баш тартуу” жана башка талаптар бар. Аны аткарбагандар катуу жазаланары эскертилген.​

- Борбор “бадахшандыктар өкмөттү укпайт” деп ойлойт. Борбор “ал жакта бейформал лидерлер бар, алар аткезчилик жолдо баңгизат, баалуу металлдарды ташуу менен шугулданат. Алар тартип, мыйзам бийлиги орношуна кызыкчылыгы жок. Ошондуктан өз укуктарын коргоо шылтоосу менен “тиги постторду алуу же шаарда тартип сакчыларынын санын азайтуу талабын айткыла” деп элди көчөгө чыгууга мажбурлоодо” деп кабарлап жатат, – дейт “Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Тохир Сафаров.

Президент кеткенден кийин Хорогго кирген-чыккан шектүү автоунааларды текшерген тогуз пост коюлган. Аскер кызматкерлери көбөйтүлүп, текшерүү күч алууда.

6-ноябрда митингге чыккандар ошол постторду да алууну талап кылышты. “Анда эле Ооганстан тараптан баңгизат менен курал аткезчилиги кайра башталат” деген бийлик мыйзамдуулук орномойун посттор алынбасын билдирүүдө.

- Бийлик адамдары “кырдаал олуттуу эмес” деп атышат. Бирок ушул бойдон улана берсе көзөмөлдөн чыгып кетиши да мүмкүн. Анткени Бадахшанда аскердик операцияларды, дегеле аскерлердин өзүн абдан оор кабыл алышат. Бир нече жыл мурда ал жердеги аскердик операция учурунда бир канча карапайым адамдар да өлгөн. Ошол эле маалда ал окуяларды кайталабаш үчүн бийлик да кылдаттык менен аракет көрөт десек болот, - деп кебин жыйынтыктады тажикстандык кесиптешим Тохир Сафаров.

Тоолуу Бадахшан автоном облусу Тажикстандын жарымына жакынын ээлеп, Кыргызстан, Кытай, Ооганстан менен чектешет. Борбору - Хорог.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG