Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Пакистан Сауд Арабиясы менен 20 млрд. долларлык келишимге кол койду


Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан. 17-февраль, 2019-жыл.
Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан. 17-февраль, 2019-жыл.

Исламабад билдиргендей, 18-февралда өлкөнүн жетекчилиги Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салманга терең урмат көрсөтөт. 17-февралда Исламабад менен Эр-Рияд 20 миллиард долларлык келишимге кол койду.

Пакистандын президенти Ариф Алви саудиялык ханзааданы “Нишан-е-Пакистан” ордени менен сыйлайт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө билдирди.

Ханзаада Мухаммед бин Салман Исламабаддан кийин Индияга барат. Сауд Арабиясынын тышкы иштер мекемеси билдиргендей, Эр-Рияд Индия менен Пакистандын ортосундагы курчуп бараткан тирешти “де-эскалациялоого” аракет кылат.

18-февралда Кашмирдеги кырдаалдан улам Пакистан Индиядагы элчисин чакыртты. Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында эки жолу куралдуу кагылышуу болду. Анын биринде Индиянын полиция күчтөрүнүн 10 кызматкери жана армиянын жоокерлери курман болду.

18-февралда кагылышта Индиянын кеминде эки жоокери, анын ичинде жогорку аскер офицери жана карапайым жаран курман болду. Бир нече күн мурун бул талаштуу аймакта жанкечтинин жардыруусунан 41 полиция кызматкери набыт болгон.

14-февралда болгон жанкечтинин жардыруусунан көп өтпөй Индиянын Тышкы иштер министрлиги Пакистанды база катары пайдаланып келген "террорчуларды жана террордук топторду колдоону токтотууга" Исламабадды чакырды.

XS
SM
MD
LG