Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:35

Пакистан каржы каатчылыгына кабылды


Карачидеги баалуу кагаздар биржасы, 9-октябрь, 2018-жыл.
Карачидеги баалуу кагаздар биржасы, 9-октябрь, 2018-жыл.

Пакистан экономикалык-каржы кризисине кептелди. Исламабад эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Улуттук акча – рупий нарксызданып жатат.

Пакистан өнөктөш өлкөлөрдөн жана Эл аралык валюта корунан 12 миллиард доллар финансылык жардам сурайт. Мурдагы крикет жылдызы Имран Хан 200 миллион калкы бар өлкөнүн өкмөтүн үч ай мурун жетектей баштаган. Ушул тапта финансылык каатчылыктан улам улуттук акча – рупийдин куну түшүп баратат.

Имран Хан шаршембидеги телекайрылуусунда Сауд Аравиясы менен Кытайдан жана Эл аралык валюта корунан насыя сурап кайрыларын билдирди. Бээжин менен Эр-Рияд буга чейин Исламабадга каржылык көмөк көрсөткөн.

Имран Хан.
Имран Хан.

"Мурда алынган насыяны төлөөгө жана четтен товар сатып алууга каражат зарыл. Маселе 10-12 миллиард долларга барып такалат" - деген премьер-министр акча сурап өнөктөш өлкөлөргө жана Эл аралык валюта коруна бирдей кайрылууну эп көргөнүн түшүндүрдү.

Пакистандын финансы системасын кармап турууга акча сураган премьер-министр “Биз мындан чыгабыз. Мен кризистен алып чыгам”, – деди жигердүү түрдө.

Хан мамлекеттик бюджеттеги 18 миллиард доллар тартыштыкты “мурдагы өкмөттүн мурасы” деп сыпаттап, өз элин “дүрбөлөңгө түшпөй” турууга үндөп, “жакынкы арада кырдаалды жөндөйбүз” деди.

Пакистан өкмөтү Эл аралык валюта корунун насыясын алса, бюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартуу сыяктуу катаал чараларды киргизүүгө мажбур болот. Мындай чектөөлөр Имран Хандын шайлоо алдында элине "бакубат жашоону камсыздайм" деп берген убадасын аткарууга тоодой тоскоолдук жаратат.

Эл аралык валюта корунун аткаруучу директору Кристин Лагард бейшембиде Индонезиядагы эл аралык жыйында Пакистандын каржы министри жана Борбордук банкынын жетекчиси менен жолукту.

Андан кийин жарыяланган билдирүүдө “Алар Пакистандын экономикалык жагдайына көңүл буруп, каржылык жардам берүүнү сурашты. Эл аралык валюта корунун тобу алдыдагы апталарда Исламабадга барып, экономикалык көмөк программасы тууралуу сүйлөшөт. Кызматташууну улантууну караштырабыз” деп айтылат.

Пакистан өкмөтү эл аралык коомчулуктан насыя аларын жарыялаган соң, улуттук акча – рупийдин куну 7% түштү. Былтыркы декабрдан бери рупий беш жолу арзандап, жалпысынан 26% нарксызданды.

Премьер Хандын Сауд Аравия жана Кытай менен алакалары тыгыз. Ал өкмөт башына келгенден кийин алгачкы иш сапары менен Эр-Риядга барган.

Бээжин инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорго 60 миллиард доллар убада кылып, Пакистанды Кытайды батыш менен байланыштырган жердеги транспорттук түйүнгө айлантуу дымагын көрсөткөн.

Пакистан 1980-жылдан бери Эл аралык валюта корунун жардамын бир нече ирет алган. Акыркы жолу 2013-жылы 6.7 миллиард доллар насыяны азыркыдай каржылык каатчылыкка кептелгенде алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG