Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы эки өзбек жаранынын өлүмү боюнча билдирүү таратты. Анда 17-февралда Орусиянын баш калаасындагы өзбекстандык атуулдар аралашкан калайман мушташта 32 жана 35 жаштагы эки жараны каза болгону жазылган. Алардын бирөө окуя болгон жерде жан берсе, экинчиси ооруканада көз жумганы айтылат. Министрлик кырдаал Орусиядагы Өзбекстандын элчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирди.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, калайман мушташ Москванын Волгоград проспектисиндеги автоунаа жуучу комплекстин жумушчуларынын чырынан улам башталган. Каза тапкан жарандар бир тууган ага-инилер экени кабарланды.
Орус маалымат каражаттары мушташка 15 адам катышканын, алардын баары өзбекстандыктар экенин жазышкан.
Өткөн жуманын ортосунда Москванын Госпитальная көчөсүндө болгон мушташта ок атылып, үч киши жабыркаганы маалым болду. Анда 15 киши кармалганы кабарланды.
Ушул эле апта ичинде Печатники районундагы "Неолит" кафесинин жанында 50дөй киши аралашкан уруш катталганын "МК" басылмасы жазды.
Пикирлерди көрүңүз (2)
дагы пикирлерди жүктөө