Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Питерде өспүрүмдү өлтүрүүгө айыпталган кыргызстандык 19 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык өспүрүмдүн өлүмүнө шектүү катары кармалган, анын тууганы Дастонбек Жалилов 19 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына таянуу менен орусиялык басылмалар кабарлады.

Прокуратура өкүлдөрү Жалиловду өмүр бою абакка кесүүнү өтүнгөн. Соттолуучу отурумда көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

Кандуу окуя былтыр январдын этегинде болгон. Кыргызстандын 42 жаштагы жараны анын уулу апасы менен жүрүп дайынсыз болуп жатканын айтып, милицияга арыз жазган. 2018-жылдын 6-февралында шаардын "Купчино" метросунун жанынан баланын сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Өспүрүмдү өлтүрүүгө шектүү катары баланын апасы жана анын күйөө баласы Дастонбек Жалилов камакка алынган.

Факты боюнча Санкт-Петербургдун тергөө комитети Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде кылмыш ишин козгогон. Сурак учурунда Жалилов үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өспүрүмдү өлтүргөнүн мойнуна алган.

Маркумдун сөөгү Орусиядагы элчиликтин жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен былтыр 10-февралда Санкт-Петербургдан Ошко жеткирилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG