Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Комиссия паспорт боюнча тендерге даттанган компаниянын өтүнүчүн четке какты


Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик сатып алуу департаментине караштуу Даттанууну жана нааразылыкты кароочу комиссия паспорт боюнча тендер тууралуу даттанган германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компанияларынын арызын негизсиз деп тапты. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий порталында жарыяланды.

Даттанган эки компания кыргыз жарандарынын электрондук паспортуна бланктарды камсыздоо боюнча тендердин жыйынтыгын мыйзамсыз деп табууну талап кылышкан. Тендерден жеңилген фирмалар сынак эреже бузуу менен коштолуп, литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы мыйзамсыз жеңген деп эсептешет.

Мамлекеттик каттоо кызматы жана жеңүүчү компания мындай жүйөлөрдү четке каккан. Германиялык жана франциялык компания комиссиянын корутундусуна каршы сотко кайрыларын билдирди.

Жаӊы үлгүдөгү электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча былтыр 1 миллиард 263 миллион сомго тендер жарыяланган. Конкурстук комиссия быйыл 1-февралда тендер жыйынтыгын жарыялап, литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясын жеӊүүчү деп тапкан.

Тендердин документтерине ылайык бланктарды чыгарыш үчүн «Muhlbauer ID Services» 686 миллион 772 миң 250 сом, «Гарсу пасаулис» 940 миллион 150 миң сом, франциялык «IDEMIA France» ишканасы 948 миллион 713 миң 750 сом сунуш кылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG