Сауд Арабиясынын АКШдагы элчиси болуп биринчи жолу аял киши дайындалды. Эми канбийке Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдел Азиз ал-Сауд эми Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектейт. Аны бул кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка Сауд Арабиясынын падышасы кол койду.
Сауд Арабиясынын АКШдагы буга чейинки элчиси, падышанын улуу баласы Халед бен Салман министр рангында, коопсуздук министринин орун басары болуп дайындалды. Ал АКШда элчи болуп 2017-жылдын апрелинен тартып иштеп жаткан.
AFPнын жазганына караганда, орун алмаштырууга Эр-Рияд менен Вашингтондун ортосундагы саудиялык журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө байланыштуу чыңалуу себеп болгон.
Жаңы дайындалган элчи Сауд Арабиясынын Башкы спорттук башкармалыгына келгенге чейин жеке сектордо иштеген. Ал аялдардын спортко катышуусун колдоп, аялдардын укугуна байланыштуу башка маселелерди көтөрүп келген.