Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

"The Guardian": Брекзит эки жылга артка жылышы мүмкүн


Британияда нааразылык акциясына чыккандардын желеги. 8-июнь, 2018-жыл.
Британияда нааразылык акциясына чыккандардын желеги. 8-июнь, 2018-жыл.

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы 2021-жылга чейин жылышы мүмкүн. Бул демилгени уюмдун жетекчилиги талкуулап жатканын британиялык "The Guardian" басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы же Брекзиттин мөөнөтүн жылдыруу маселеси Британиянын парламенти быйыл 29-мартка чейин тиешелүү макулдашууну кабыл алып бербейт деген кооптонууга байланыштуу көтөрүлүп жатат. Буга чейин Брекзиттин аткарылышы 29-мартка белгиленген.

Британ премьер-министри Тереза Мэй Брекзит тууралуу келишимдин долбоорун өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда. Өзгөртүүлөрдү парламент кубатташы ыктымал, бирок Мэй ийгиликке жетишет деген ишенич жок.

"The Guardian" гезитинин маалыматына караганда, Британия Евробиримдикке мүчө болушун дагы эки жылга узартып, ал арада бардык маселелерди, анын ичинде Ирландия менен Түндүк Ирландиянын чек арасы боюнча макулдашууга жетишүүгө аракетин кылышы мүмкүн.

Евробиримдик британ парламентинин айрым депутаттары сунуш кылгандай "Брекзитти бир нече айга эмес, эки жылга артка жылдыруу оң" деп жатат.

Британиянын уюмдан чыгышын артка жылдыруу планы расмий жарыялана элек.

Тереза Мэй мурдагыдай эле өлкөнү быйыл 29-мартта Евробиримдиктен чыгарып кетүү - негизги максаты экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG