Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Казакстан: Аскар Мамин премьер-министр болуп дайындалды 


Аскар Мамин.
Аскар Мамин.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар аны колдоп беришти. 

Аскар Мамин 21-февралда кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаевдин биринчи орун басары болуп иштеген. Сагинтаев кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткара баштаган.  

Аскар Мамин 53 жашта. Өкмөткө келгенге чейин "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясын, Астана шаарын, Транспорт жана байланыш министрлигин жетектеген.  

Казак президенти Нурсултан Назарбаев 21-февралда мурдагы өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыздай алган жок, министрлер эл менен иштей албайт»​ деген сын менен кызматтан кетирген.  

Бакытжан Сагинтаев башында турган өкмөт эки жарым жылга жакын иштеди. 

 

XS
SM
MD
LG