Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Апрель-ТВ боюнча сотто каналдын жетекчиси жарыш сөзгө чыкты


Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров сотто. 15-февраль, 2019-жыл.
Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров сотто. 15-февраль, 2019-жыл.

Бишкектин Октябрь райондук соту саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Ахматбек Келдибековдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана «Апрель» телеканалына каршы доо арызы боюнча 28-февралдагы отурумун баштады. Анда тараптар жарыш сөзгө чыгып жатышат.

Сөз алган телеканалдын директору Дмитрий Ложников «Апрель-ТВ» Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун чыгаруу менен журналистиканын принциптерин бузбаганын айтты.

Ал программага соттун экспертиза жүргүзүүдөн баш тартканына өкүнгөнүн, эгер зарыл болсо соттук талаш-тартыштан кийин доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө даяр экенин билдирди.

26-февралдагы соттук териштирүүдө сот «Апрель» телеканалынын адвокаттарынын доогерлердин «ар-намысына шек келтирди» деген сөздөргө лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын былтыр жыл аягында сотко беришкен. Алар «экс-президент телеканалга курган маегинде ар-намысыбызга шек келтирди» деп, жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG