Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

КТРКнын Байкоочу кеңешинин отуруму талаш менен башталды


КТРКнын Байкоочу кеңешинин отуруму. 28-февраль, 2019-жыл.
КТРКнын Байкоочу кеңешинин отуруму. 28-февраль, 2019-жыл.

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин 28-февралдагы олтуруму кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев менен мүчөсү Азамат Болгонбаевдин талашы менен башталды. Жекшеев жыйынды телефон менен тартууга тыюу салып, муну алар камераларга жолтоо болоору менен түшүндүрдү. Болгонбаев буга каршы чыкты.

Андан кийин экөө күн тартибиндеги сунуш киргизүү боюнча кайым айтышты. Анын алдында Айбек Карымов шайлоого тиешеси жок маселе жөнүндө билдирүү жасоону өтүнгөн эле.

Бүгүнкү олтурумда КТРКнын директорлугуна талапкерлердин документтерин караган жумушчу топтун жыйынтыгы айтылат. Байкоочу кеңеш андан ары талапкерлер менен аңгемелешүүнүн убактыларын бекитет.

КТРКнын Байкоочу кеңеши 18-февралда башкы директорлукка талапкерлерден келип түшкөн арыздарды карап, жалпысынан 22 адам документ тапшырганын айткан. Алардын үчөө (Элдар Аттокуров, Бөлөкбай Шеримбеков жана Жылдыз Муслимова) документтери толук болбогондуктан сынакка катышуу укугунан ажыратылган.

10 талапкер «диний уюмга жана саясий партияга мүчө эмесмин» деген кепилдик каты жок экени айтылып, үч күн аралыгында ошондой кат алып келүүгө милдеттендирилген. (TSh\ErN)

XS
SM
MD
LG