Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи айлампасы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. Бул тууралуу маалымат аталган мекемеден алынды.

Анын алкагында, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыр алынган киреше же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет бериши керек.

Аталган мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү. Ошондой эле менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) барлар да сөзсүз маалымат бериши зарыл.

Декларация өнөктүгү тууралуу толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун биринчи айлампасы 7-февралдан 28-февралга чейин жүрдү. Бул аралыкта жалпы канча салык төлөөчү декларация тапшырганы белгисиз, 20-февралга карата ал көрсөткүч 49 823тү түзгөнү маалымдалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG