Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Черногорияда “коррупциялашкан” бийликке каршы митинг өттү


Подгорица шаарында өткөн бийликке каршы митингдин катышуучулары, 2-март, 2019-жыл.
Подгорица шаарында өткөн бийликке каршы митингдин катышуучулары, 2-март, 2019-жыл.

Черногориянын борбору Подгорица шаарында миңдеген киши көчөгө чыгып, президент Мило Джукановичтин бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Ошондой эле өкмөттү жана сот бийлигин коррупцияга “көз жуумп коюшканы” үчүн айыпташты.

2-мартта Подгорицада өткөн митинг бир нече жумадан берки төртүнчү чоң нааразылык акциясы болду.

10 миңден ашуун киши шаардын борбору аркылуу өтүп, “Мило ууру” деп кыйкырышты.

Президент Джукановичтин мурунку өнөктөшү мамлекет башчыны жана анын башкаруучу Социал-демократтар партиясын финансылык мыйзам бузууларга жана коррупцияга айыптагандан кийин митингдер башталды.

Джуканович бардык айыптарды четке какты. Бул өлкөнүн бийлиги мурдагы банкир Душко Кнежевичти арам акчаны адалдаштырууга жана көз боёмочулукка айыптаган. Кнежевич болсо өлкөдөн чыгып кеткен.

Джуканович бул өлкөнү өзүнүн Социал-демократтар партиясы менен ондогон жылдардан бери башкарып келатат.

Мурдагы коммунист Мило Джуканович 1991-жылы Европадагы эң жаш өкмөт башчы болгон. Ал 1998-жылы Черногориянын Сербиядан бөлүнүү жараянынын башында туруп, 2006-жылы Подгорица Белграддан көз каранды эмес экенин жарыялаган.

2017-жылы 640 миң эли бар өлкө НАТОго мүчө болуп кирген.

XS
SM
MD
LG