Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев жарашты


Аргынбек Малабаев жана Темир Сариев.
Аргынбек Малабаев жана Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев менен мурдагы транспорт министри Аргынбек Малабаев жарашты. Саясатчыларды жараштыруу боюнча парламенттин мурдагы спикери Медеткан Шеримкулов демилге көтөрүп, экөөнү маңдай-тескей отургузуп, жарашууга чакырганын «Азаттыкка» жеке булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев кол алышып, көкүрөк тийгизишип жарашкан.

Малабаев бул кабарды «Азаттыкка» тастыктап, Сокулук районунун аксакалдары аларды жараштырганын айтты. Темир Сариевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Темир Сариев менен Аргынбек Малабаев мурдагы бийликтин тушунда Корумду-Балыкчы жолунун курулушу боюнча бирин-бири коррупцияга байланыштуу айыптап, кайым айтышкан. Көп өтпөй экөө тең кызматтан кеткен. (KJ\SE)

XS
SM
MD
LG