Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Беларуста менчик маалымат порталынын редактору айыпка жыгылды


«Tut.by» жеке менчик интернет-порталынын башкы редактору Марина Золотова. 6-февраль, 2019-жыл.
«Tut.by» жеке менчик интернет-порталынын башкы редактору Марина Золотова. 6-февраль, 2019-жыл.

4-мартта Минск шаарындагы сот көз каранды эмес Tut.by порталынын редактору Марина Золотованы мамлекеттик БелТА агенттигинен «мыйзамыз жол менен маалымат алган» деп таап, 7,650 рубл (3,600 доллар) жана соттун чыгымдарын жабууга 6,000 рубл (2,800 доллар) төлөөгө милдеттендирди.

Журналист Золотова күнөөсүз экенин кайталады.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» беларус сотунун мындай чечимин «медиа каражаттарын кысымга алуу» деп баалады.

Былтыр августта «БелТА мамлекеттик агенттигинен мыйзамсыз жол менен маалымат алуу иши» боюнча жалпы жонунан 18 журналист шектүү катары кармалып, сурак берип чыккан.

Журналисттер суракка алынгандан кийин укук коргоочулар президент Александр Лукашенконун бийлигин «өкмөттү сындаган эркин медианы ооздуктоого аракет кылууда» деп айыпташкан.

Бийлик мындай дооматтарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG