Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Венесуэланын «утурумдук президенти» мекенине кайтып барды


Хуан Гуайдо Каракаста жактоочулары менен жолугууда. 4-март, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо Каракаста жактоочулары менен жолугууда. 4-март, 2019-жыл.

Венесуэла оппозициясынын лидери, өзүн «утурумдук президент» деп жарыялаган Хуан Гуайдо дүйшөмбүнүн кечинде Латын Америкасынын бир нече мамлекетиндеги сапарынан кийин өз мекенине кайтып барды. Ал Жогорку соттун өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечимине карабастан чет өлкөгө кеткен. Ушундан улам бийлик ал Венесуэлага кайтары менен «камалышы мүмкүн экенин» эскерткен. Парагвайга, Эквадорго жана Колумбияга барган Гуайдо мекенине кайтары менен баш калаа Каракастын башкы аянттарынын биринде топтолгон жактоочулары менен жолугушту.

50гө чукул Батыш мамлекеттери Гуайдону «утурумдук президент» катары таанышкан. Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу мамлекеттер Николас Мадурону колдошот. Венесуэланын армиясы да Мадуро тарапта. Венесуэлада оппозициянын ондогон лидерлери жана активисттери «бийликти кулатуу аракети» үчүн айыпталып камакка алынды.

XS
SM
MD
LG