Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Иран Зарифтин арызы тууралуу түшүндүрмө берди


Ирандын президенти Хасан Роухани, тышкы иштер министри Жавад Зариф. 27-февраль, 2019-жыл. Тегеран.
Ирандын президенти Хасан Роухани, тышкы иштер министри Жавад Зариф. 27-февраль, 2019-жыл. Тегеран.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифтин кызматтан кетүү тууралуу чечимине анын Сирия президенти Башар Асаддын Тегеранга күтүүсүз барышынан кабарсыз болгону себеп болгон.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдирип, президент Хасан Роухани Зарифке толук ишеним көрсөтүп, анын кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчүн четке какканын маалымдады.​

5-мартта министрликтин расмий өкүлү Бахрам Касеми Зарифтин кызматтан кетүү жөнүндө жарыясына Асаддын сапары сыяктуу учурларда ТИМ менен башка расмий кызматкерлердин ортосундагы координациянын жоктугун жүйө келтирди.

Асад 25-февралда Тегеранда жогорку диний лидер Аятолла Али Хомейни менен жолугушкан. Ага президент Роухани, Ирандын жогорку аскер бөлүгүнүн башчысы, генерал Кассем Сулеймани да катышкан.

Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келе жаткан Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда «Инстаграмдагы» баракчасына жазган. Анын чечиминин себеби айтылган эмес.​

Өлкө президенти Хасан Роухани Зарифтин кызматтан кетүү жөнүндө арызын канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG