Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Ирандын президенти Зарифтин арызын четке какты


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф.

Ирандын президенти Хасан Роухани тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин кызматтан кетүү жөнүндө арызын кабыл алган жок. Ал кызматтан кетүү мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келерин билдирип, Зарифти өз ишин кайраттуулук менен улантууга чакырды.

Өкмөттүн сайтына 27-февралда Ирандын руханий көсөмү Аятолла Хомейнинин Зарифке жазган каты да жарыяланды. Анда ал «Сизге мен жана башкалар, өзгөчө жогорку лидер ишеним артып жатат» деп жазган.

Жавад Зариф кызматтан кете турганын 25-февралда "Инстаграмдагы" баракчасына жазган. Анын чечиминин себеби айтылган эмес.

Жавад Зариф Ирандын Тышкы иштер министрлигин 2013-жылдан бери жетектеп келген. Ал Тегеран менен өзөктүк келишим түзүү маселесине жооптуу болчу. Акыркы кезде анын дүйнөлүк державалар менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдөгү орду тууралуу сын айтыла баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөдөгү алты ири мамлекет – АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон келишимде «Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иранга каршы санкциялар жеңилдетилет» деп айтылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп былтыр майда өз өлкөсү 2015-жылдагы келишимден чыкканын жана Иранга каршы санкциялар акырындык менен калыбына келтириле турганын жарыялаган. Бул кадамга ал Иран баллистикалык ракеталарды утур-утур сынап, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдөгү террордук топторду колдоо менен келишимдин «маңызын» бузуп жатканын жүйө келтирген.

АКШ менен Израилдин бийлиги төрт жыл мурда түзүлгөн келишим ирандыктарга өзөктүк куралды жашыруун чыгарууну улантууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Тегеран бул айтылгандарды четке кагып келет. Евробиримдик АКШ менен макул болбой, Вашингтондун санкцияларынан буйтап өтө турган чараларды иштеп чыккан.

XS
SM
MD
LG